[1] Бирок, жолбашчыларга алардан көбүрөөк азап берилиши маалым. Анткени, Аллах таала дагы бир аятта мындай деген: “Каапыр болуп, Аллахтын жолунан тоскондор.., Биз аларга кылмыштарына жараша, азап үстүнө кошумча азап беребиз”.
[1] Өлүмдөн соң, ыймандуу адамдардын рухтары (жандары) асмандардан-асмандарга көтөрүлүп, эң жогорку ааламга жетип, Аллах каалаган ырахаттуу орундарда болушат. Ал эми, аятта сыпатталган каапырлардын рухтарына жогорку асмандардын эшиктери ачылбайт.
[1] Бул аятта айтылып жаткан бактылуулардын катарына оозу менен эле “ыймандуубуз” деп, Шарият буюрган парыздарды аткарбай жүргөндөр кирбейт. Ыйман менен амалды кошо алып жүргөн чыныгы момун-мусулмандар кирет.