ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
127 : 37

فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ

Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту. info
التفاسير:

external-link copy
128 : 37

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес). info
التفاسير:

external-link copy
129 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
130 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ

Иляска (Аллахтан) салам болсун! info
التفاسير:

external-link copy
131 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
132 : 37

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири. info
التفاسير:

external-link copy
133 : 37

وَإِنَّ لُوطٗا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле. info
التفاسير:

external-link copy
134 : 37

إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз. info
التفاسير:

external-link copy
135 : 37

إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ

Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон). info
التفاسير:

external-link copy
136 : 37

ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Анан Биз башкаларды кыйраттык. info
التفاسير:

external-link copy
137 : 37

وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ

(Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен info
التفاسير:

external-link copy
138 : 37

وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?! info
التفاسير:

external-link copy
139 : 37

وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири. info
التفاسير:

external-link copy
140 : 37

إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1] info

[1] Бирок, жолдо добул туруп, кеме чайпалып баштаганда кемедегилер чучукулак тартышып, кимге түшсө, аны ыргытууга макулдашышат.

التفاسير:

external-link copy
141 : 37

فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ

Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды. info
التفاسير:

external-link copy
142 : 37

فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٞ

Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
143 : 37

فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ

Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо, info
التفاسير:

external-link copy
144 : 37

لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек. info
التفاسير:

external-link copy
145 : 37

۞ فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٞ

Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1] info

[1] Аллах китке буюрганда, жээкке бүркүп жиберди. Юнус бир нече күн наар албай, караңгы курсакта болгондуктан, чала жан болуп, козголгонго да алы келбей сулап калды.

التفاسير:

external-link copy
146 : 37

وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةٗ مِّن يَقۡطِينٖ

Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1] info

[1] Себеби, анын жалбырагы чоң жана ашкабак бар жерге чымын-чиркей келбейт экен.

التفاسير:

external-link copy
147 : 37

وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ

Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек. info
التفاسير:

external-link copy
148 : 37

فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ

Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык. info
التفاسير:

external-link copy
149 : 37

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ

(Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1] info

[1] Курайш мушриктери периштелерди Аллахтын кыздары, алар Аллах менен жиндердин никесинен туулган деген каапырчылык пикирде болушкан.

التفاسير:

external-link copy
150 : 37

أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثٗا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ

Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?! info
التفاسير:

external-link copy
151 : 37

أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ

Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет: info
التفاسير:

external-link copy
152 : 37

وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ

«Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар! info
التفاسير:

external-link copy
153 : 37

أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ

(Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?! info
التفاسير: