[1] Периштелердин элчилик кызматы Аллахтын тапшырмаларын, белек-сыйлыктарын, азап-жазаларын, ылайык болгон жерлерге, адамдарга жеткирүүдөн турат.
[1] Бардык адамдар өз иштери менен Аллахтын алдына барышат. Ошондо ишенбегендер менен Өзү эсептешип алат.
[1] Демек, урматтуу болууну каалаган адам эң оболу Аллахты ыраазы кылсын! Аллахты ыраазы кылуу Анын буйруктарын аткаруу, Аны даңазалоо жана эң таза сөздөр Ыйык Куран аяттарын окуу менен болот. Мына ошондо ал адамды Аллах эки дүйнөдө урматтуу кылат.
[1] Аллах таала зына кылуу, ата-энеге ак (күнөөкөр) болуу, тууганчылыкты үзүп коюу сыяктуу арам иштерди өмүрдүн кыскарышына себеп кылып койгон. Ушулар себептүү эе буларсыз эле өмүрдүн кыскарып, качан өлүм келишин Аллах таала гана билет.
[2] Ушул нерселердин бардыгын билүү, алдын ала «Лавхул Махфуз» деп аталган тагдыр китебине жазып коюу, бардыгынан кабардар болуп туруу Аллахка кыйын эмес.
[1] Ыймандуулар менен каапырлар.
[1] Мушриктер оболу Аллахтын аяттарын четке кагышты. Анан Аллах азап жибергенде «Оо, Аллах бизге бир аз мөөнөт бер! Өзүңө ибадат кылабыз!» деп жалдырашты. Аллах да алардын талаптарын четке кагып койду.
[1] Асмандан жааган жамгыр-кардын натыйжасында пайда болгон бир түрдүү сууну ичип, бир турдүү топурактан азыктанган дарактардын мөмөлөрү ар түрдүү болушу, тоо-таштардын түркүн-түстүү болушу, албетте, акыл жүргүзгөн адамга Аллахтын кудуретинен дарек.
[1] Курандан мурунку Тоорат, Инжил сыяктуу Аллахтан түшкөн ыйык китептердин кабарларына дин адамдарынын сөздөрү аралашып кеткен. Эми, алардын кайсы бири Аллахтын аяты, кайсынысы адамдан кошулган «аяттар» экенин Куран гана аныктап, тастыктап берет. Биз байыркы китептердин кабарларын Куран аяттарына салыштырабыз. Кайсынысы дал келсе - аны Кураан тастыктаган болот.
[1] Аллахтын жолу-эрежеси боюнча, ким дааватка текеберленсе, башына азап түшөт.
[1] Ар кайсы жерлерде байыркы, Аллах кыргын салган мушрик элдердин кооз сарайларынын урандылары, өнүккөн маданияттарынын издери калган.
[2] Бирок мээримдүүлүгү каардуулугун жеңген Аллах мушрик-каапыр коомдорго дагы эле мөөнөт берүүдө. Көпчүлүгүнүн жазасын Кыяматка калтырууда.