ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
16 : 33

قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلۡفِرَارُ إِن فَرَرۡتُم مِّنَ ٱلۡمَوۡتِ أَوِ ٱلۡقَتۡلِ وَإِذٗا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلٗا

(Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар.[1] info

[1] Анткени, өмүр аз гана нерсе.

التفاسير:

external-link copy
17 : 33

قُلۡ مَن ذَا ٱلَّذِي يَعۡصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَ بِكُمۡ سُوٓءًا أَوۡ أَرَادَ بِكُمۡ رَحۡمَةٗۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا

Айткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 33

۞ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلۡمُعَوِّقِينَ مِنكُمۡ وَٱلۡقَآئِلِينَ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ هَلُمَّ إِلَيۡنَاۖ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلۡبَأۡسَ إِلَّا قَلِيلًا

Аллах силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз ага-инилерине (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө» – дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет, info
التفاسير:

external-link copy
19 : 33

أَشِحَّةً عَلَيۡكُمۡۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلۡخَوۡفُ رَأَيۡتَهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ تَدُورُ أَعۡيُنُهُمۡ كَٱلَّذِي يُغۡشَىٰ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلۡخَوۡفُ سَلَقُوكُم بِأَلۡسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلۡخَيۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يُؤۡمِنُواْ فَأَحۡبَطَ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا

Алар силерге сараңдык кылышат. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүм курчап калгандай сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага заар тилдери менен зыян беришет.[1] Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллах алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллахка жеңил. info

[1] «Биз андай эрдик көргөздүк, мындай баатырдык жасадык, бизге көбүрөөк бөлүштүр» деп, эч кимге сөз бербей мактанышат.

التفاسير:

external-link copy
20 : 33

يَحۡسَبُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ لَمۡ يَذۡهَبُواْۖ وَإِن يَأۡتِ ٱلۡأَحۡزَابُ يَوَدُّواْ لَوۡ أَنَّهُم بَادُونَ فِي ٱلۡأَعۡرَابِ يَسۡـَٔلُونَ عَنۡ أَنۢبَآئِكُمۡۖ وَلَوۡ كَانُواْ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓاْ إِلَّا قَلِيلٗا

Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошту. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.[1] Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес. info

[1] Мединадан алыстагы көчмөндөр арасына барып алып, качан мусулмандардын жеңилгени жөнүндө кабар келип калаар экен деп күтүп жатууну каалашат.

التفاسير:

external-link copy
21 : 33

لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا

(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар.[1] (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн. info

[1] Аллахтын элчиси ошол оор мезгилдерде баатырдыктын, туруктуулуктун, сабырдуулуктун, акылмандыктын чоң үлгүсүн көргөздү. Ислам душмандарынын он эки миңдик бириккен күчтөрүнүн каршысына үч миң аскер менен тайманбай чыгып, аларды шыктандырып жүрдү.

التفاسير:

external-link copy
22 : 33

وَلَمَّا رَءَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ قَالُواْ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥۚ وَمَا زَادَهُمۡ إِلَّآ إِيمَٰنٗا وَتَسۡلِيمٗا

Ал эми, (өз пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) ыймандуулар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллах менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү. info
التفاسير: