ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

Лукман

external-link copy
1 : 31

الٓمٓ

Алиф, Лаам, Миим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 31

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ

Бул даанышман китептин аяттары. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 31

هُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّلۡمُحۡسِنِينَ

Жакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 31

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ

Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 31

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 31

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشۡتَرِي لَهۡوَ ٱلۡحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ

Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү[1] сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар! info

[1] Маанисиз сөздөр – бул пендени Аллахтын ибадатынан тосо турган кыйбат, ушак сыяктуу сөздөр жана ар кандай көңүл ачуучу нерселер.

التفاسير:

external-link copy
7 : 31

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا وَلَّىٰ مُسۡتَكۡبِرٗا كَأَن لَّمۡ يَسۡمَعۡهَا كَأَنَّ فِيٓ أُذُنَيۡهِ وَقۡرٗاۖ فَبَشِّرۡهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Качандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 31

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلنَّعِيمِ

Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 31

خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 31

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ

(Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 31

هَٰذَا خَلۡقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда! info
التفاسير: