ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
17 : 79

ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ

Ал ага Өз сөзүндө мындай деди: «Фараонго баргын! Чындыгында ал зулумдукта жана текеберликте чектен чыгып кетти». info
التفاسير:

external-link copy
18 : 79

فَقُلۡ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ

Ага айт: «Эй, Фараон! Сен каапырлыктан жана күнөөлөрдөн тазаланбайсыңбы? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 79

وَأَهۡدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخۡشَىٰ

Мен сени жараткан жана сага камкордук кылган Раббиңе карай жол көргөзөм, ошондо сен Андан коркосуң, Ал ыраазы болгон иштерди кыласың жана Анын ачуусун келтирген иштерден алыстайсың». info
التفاسير:

external-link copy
20 : 79

فَأَرَىٰهُ ٱلۡأٓيَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Муса ага Раббиси тараптан келген элчи экенине далил болгон улуу аят-белгини көргөздү. Ал кол жана таян болчу. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 79

فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ

Ошондо Фараон бул белгини жалган деп, Муса буйруган нерсеге баш ийбей койду. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 79

ثُمَّ أَدۡبَرَ يَسۡعَىٰ

Анан Муса пайгамбар алып келген динге ыйман келирүүдөн баш тартып күнөөгө жана чындыкты четке кагуу берилди. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 79

فَحَشَرَ فَنَادَىٰ

Мусага үстөмдүк кылуу үчүн коомун жана өзүнө ээрчигендерин чогултуп мындай деди... info
التفاسير:

external-link copy
24 : 79

فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلۡأَعۡلَىٰ

«Мен силердин улуу Раббиңермин. Силер үчүн менден башкага баш ийүү жок». info
التفاسير:

external-link copy
25 : 79

فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلۡأٓخِرَةِ وَٱلۡأُولَىٰٓ

Анан Аллах аны кармап, дүйнөдө деңизге чөктүрүп, ал эми акыретте эң катаал азапка киргизип жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 79

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰٓ

Чындыгында Фараонду дүйнөдө жана акыретте жазалаганыбыз – Аллахтан корккондор үчүн сабак. Ошолор насааттардан пайда алышат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 79

ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا

Эй, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар! Аллах үчүн силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманды жаратуубу? info
التفاسير:

external-link copy
28 : 79

رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا

Ал анын шыбын жогору карай бийик жана тегиз кылды. Анда эч кандай жылчык, жарака жана кемчилик жок. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 79

وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا

Ал анын түнүн күн баткан кезде караңгы кылды жана күн чыккан кезде жарык кылды. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 79

وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ

Ал асманды жараткандан кийин жерди жайык кылды жана ага пайдалуу нерселерди жайгаштырды. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 79

أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا

Ал андан булак болуп аккан сууларды чыгарды жана мал-жандыктар оттогон өсүмдүктөрдү өстүрдү. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 79

وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا

Тоолорду жерге бекем орнотту. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 79

مَتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ

Оо, адамдар! Бул пайдалардын баарысы силер үчүн жана силердин мал-жандыгыңар үчүн. Мунун баарын жараткан Зат аларды кайра жаңыдан жаратуудан алсыз эмес. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 79

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Коркунучу менен бүт баарысын өзүнө камтып алган экинчи жолку сурнай үйлөө кези келгенде. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 79

يَوۡمَ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ

Ал күнү инсан жакшылык болобу, жамандык болобу кылган иш-аракеттерин эстеп келет. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 79

وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ

Тозок алып келинет жана ал көрө тургандарга ачык көрүнөт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 79

فَأَمَّا مَن طَغَىٰ

Кимде-ким адашууда чектен чыкса, info
التفاسير:

external-link copy
38 : 79

وَءَاثَرَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

өткөөл дүйнө жашоосун түбөлүктүү тигил жашоодон артык көрсө, info
التفاسير:

external-link copy
39 : 79

فَإِنَّ ٱلۡجَحِيمَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ

анда анын баш калкалап, турукташкан жайы тозок болот. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 79

وَأَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفۡسَ عَنِ ٱلۡهَوَىٰ

Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 79

فَإِنَّ ٱلۡجَنَّةَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ

Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 79

يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَا

Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар сенден: «Кыямат качан болот?» – деп сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 79

فِيمَ أَنتَ مِن ذِكۡرَىٰهَآ

Сен аны аларга айткыдай ал тууралуу билбейсиң жана бул сенин ишиң да эмес. Чындыгында сенин ишиң – ага даярдык көрүү гана. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 79

إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ

Кыяматты билүү Раббиңе гана келип токтойт. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 79

إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخۡشَىٰهَا

Чындыгында сен кыяматтан корккондорду эскертүүчүсүң. Анткени ошолор сенин эскертмеңден пайда алышат. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 79

كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَهَا لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوۡ ضُحَىٰهَا

Алар кыяматты ачык көрүшкөн күнү, алар дүйнө жашоосунда бир күн же түшкө чейин жашагандай эле болуп калат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• وجوب الرفق عند خطاب المدعوّ.
Даават кылынган адамга сүйлөгөн кезде жумшактык кылуунун милдеттүүлүгү. info

• الخوف من الله وكفّ النفس عن الهوى من أسباب دخول الجنة.
Аллахтан коркуу жана өзүн напси каалоолорунан тыюу – бейишке кирүүнүн себептеринен. info

• علم الساعة من الغيب الذي لا يعلمه إلا الله.
Кыяматтын илими – Аллах гана билген кайыптардан. info

• بيان الله لتفاصيل خلق السماء والأرض.
Аллах асман менен жердин жаралуусун майда-чүйдөсүнө чейин баяндады. info