ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
20 : 77

أَلَمۡ نَخۡلُقكُّم مِّن مَّآءٖ مَّهِينٖ

Оо, адамдар! Биз силерди жийиркеничтүү болор-болбос бел суудан жаратпадык беле? info
التفاسير:

external-link copy
21 : 77

فَجَعَلۡنَٰهُ فِي قَرَارٖ مَّكِينٍ

Анан Биз ал жийиркеничтүү бел сууну коопсуз жай болгон аялдын жатынына жайгаштырдык. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 77

إِلَىٰ قَدَرٖ مَّعۡلُومٖ

Белгилүү мөөнөткө чейин – ал кош бойлуулук мөөнөтү. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 77

فَقَدَرۡنَا فَنِعۡمَ ٱلۡقَٰدِرُونَ

Жана Биз жаңы төрөлгөн баланын сыпатын, өлчөмүн, өң-түсүн жана башка нерселерин белгилеп койгонбуз. Ушунун баарын кылган Биздин кудуреттүүлүгүбүз кандай сонун! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 77

أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ كِفَاتًا

Биз жерди адамдардын баарысын өзүнө сыйдыруучу кылбадыкпы? info
التفاسير:

external-link copy
26 : 77

أَحۡيَآءٗ وَأَمۡوَٰتٗا

Ал тирүүлөрдү үстүндө жашатуу жана гүлдөтүү менен, ал эми өлүктөрдү ага көмдүрүү менен сыйдырат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 77

وَجَعَلۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ شَٰمِخَٰتٖ وَأَسۡقَيۡنَٰكُم مَّآءٗ فُرَاتٗا

Жана аны силкинүүдөн сактаган бекем, бийик тоолорду жаратты. Оо, адамдар! Биз силерге таза суу бердик. Ушуларды жараткан Зат силерди кайра жаратууга алсыз эмес. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
29 : 77

ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Пайгамбарлары алып келгенди жалганга чыгаргандарга айтылат: «Эй, жалганчылар! Силер жалган деп эсептеген азапты көздөй жөнөгүлө! info
التفاسير:

external-link copy
30 : 77

ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ ظِلّٖ ذِي ثَلَٰثِ شُعَبٖ

Үч бөлүккө бөлүнгөн тозок түтүнүнүн көлөкөсүнө жөнөгүлө». info
التفاسير:

external-link copy
31 : 77

لَّا ظَلِيلٖ وَلَا يُغۡنِي مِنَ ٱللَّهَبِ

Анда көлөкөнүн салкындыгы жок жана ал тозоктун жалыны менен ысыктыгынын силерге өтүүсүн токтото албайт. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 77

إِنَّهَا تَرۡمِي بِشَرَرٖ كَٱلۡقَصۡرِ

Чындыгында тозок сепилдей болгон чоңдуктагы учкундарды чачып турат. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 77

كَأَنَّهُۥ جِمَٰلَتٞ صُفۡرٞ

Андан чачыраган учкундар каралыгында жана чоңдугунда кара тору төөлөргө окшойт. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 77

هَٰذَا يَوۡمُ لَا يَنطِقُونَ

Бул күнү алар эч нерсе тууралуу сүйлөй алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 77

وَلَا يُؤۡذَنُ لَهُمۡ فَيَعۡتَذِرُونَ

Аларга каапырлыктары жана күнөөлөрү үчүн Раббисинен кечирим суроого уруксат берилбейт. Бирок алар Андан кечирим сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 77

هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِۖ جَمَعۡنَٰكُمۡ وَٱلۡأَوَّلِينَ

Бул күн – макулуктарды ажыратуучу күн. Биз силерди жана мурунку коомдорду бир жерге чогулттук. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 77

فَإِن كَانَ لَكُمۡ كَيۡدٞ فَكِيدُونِ

Эгерде силерде Аллахтын азабынан кутулуу үчүн колдоно турган айла-амалыңар болсо, аны Мага каршы колдонгулачы! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 77

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي ظِلَٰلٖ وَعُيُونٖ

Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштин жапжашыл дарактарынын көлөкөсүндө, аккан таза суу булактарында. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 77

وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشۡتَهُونَ

Жана жегиси келген мөмө-жемиштерде болушат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 77

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Аларга айтылат: «Дүйнөдө жакшылык иштерди кылганыңар себептүү таза нерселерден жегиле жана зыянсыз жагымдуу суусундуктардан ичкиле». info
التفاسير:

external-link copy
44 : 77

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз силерге берген мындай сыйлыкты жакшылык иштерди кылгандарга да беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллах такыбалар үчүн даярдап койгон нерселерди жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
46 : 77

كُلُواْ وَتَمَتَّعُواْ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجۡرِمُونَ

Жалганчыларга айтылат: «Жегиле жана дүйнөдө аз гана убакыт жашоо жыргалчылыктарын пайдаланып калгыла. Силер Аллахка каапырлык кылганыңар жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңар себептүү күнөөкөрсүңөр». info
التفاسير:

external-link copy
47 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Сурак күндөгү жазаларын жалганга чыгаргандарга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
48 : 77

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرۡكَعُواْ لَا يَرۡكَعُونَ

Ал жалганчыларга «Аллах үчүн намаз окугула» деп айтылса, Ал үчүн намаз окушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Пайгамбарлар Аллах тараптан алып келгенди жалган деген жалганчыларга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
50 : 77

فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ

Эгер алар Раббиси тараптан түшкөн бул Куранга ишенишпесе, анда мындан башка кайсы сөзгө ишенишет? info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• رعاية الله للإنسان في بطن أمه.
Аллах инсанга энесинин курсагында кам көрөт. info

• اتساع الأرض لمن عليها من الأحياء، ولمن فيها من الأموات.
Жер өзүнө үстүндөгү тирүүлөрдү жана андагы өлүктөрдү да камтыйт. info

• خطورة التكذيب بآيات الله والوعيد الشديد لمن فعل ذلك.
Аллахтын аяттарын жалганга чыгаруунун коркунучу жана андай кылган адамга катуу эскертүү айтылган. info