ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
11 : 70

يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ

Ар бир адам өз жакынын көрөт, ал ага жашыруун болбойт. Ага карабастан ал жердеги коркунучтан улам эч ким эч кимди сурабайт. Тозокко татыктуу адам өзүнүн ордуна балдарын берүүнү каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 70

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ

Аялын жана ага-инилерин садага чапкысы келет. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 70

وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ

Кыйынчылыктарда аны менен бирге турган жакын туугандарын өзүнүн атынан садага чапкысы келет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 70

وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ

Жер бетиндеги бүткүл адамзат жана жиндерди садага чапкысы келет. Анан ошол садагасын берип, өзүн тозок азабынан куткарууну каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 70

كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ

Абал ал күнөөкөр эңсегендей эмес! Ал акыреттин алоолонуп жалындаган тозогу. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 70

نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ

Анын катуу ысыктыгынан жана жалынынан баш териси шылынып түшөт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 70

تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ

Ал акыйкаттан баш тарткандарды, андан алыстаткандарды, ага ыйман келтирбегендерди жана аны иш жүзүндө аткарбагандарды чакырат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 70

وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ

Жана байлык жыйнап, андан Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылгандарды чакырат. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 70

۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا

Чындыгында инсан өтө ачкөз болуп жаратылган. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 70

إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا

Эгер ал оорудан же кедейликтен зыян тартса, аз сабыр кылат. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 70

وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا

Эгер ал түшүмдүүлүк же байлык сыяктуу ага жаккан нерсеге жетсе, аны Аллах жолуна сарптагысы келбей катуулук кылат. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 70

إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ

Намаз окугандар гана андай эмес. Алар мындай айыптуу сыпаттардан таза. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 70

ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ

Алар намаздарын такай окушат, андан алаксышпайт жана аны белгиленген убактысында аткарышат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 70

وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ

Алардын мал-мүлкүндө парз болгон белгилүү өлчөмдөгү үлүш бар. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 70

لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ

Алар аны кандай себеп болбосун, ырыскыдан куру калып сурагандарга жана сурабагандарга беришет. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 70

وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Алар кыямат күнүн чындык деп тастыкташат. Ал күнү Аллах ар бир адамга өзүнө татыктуу сыйлыкты же жазаны берет. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 70

وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ

Алар кылган жакшылык иштерине карабастан, Раббисинин азабынан коркушат. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 70

إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ

Чындыгында Раббиңдин азабы коркунучтуу, андан эч бир акылдуу коопсуз боло албайт. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 70

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ

Алар жыныс мүчөлөрүн жабуу жана бузукулуктан алыс кылуу менен сакташат. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 70

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ

Аялдарынан же кол астындагы күңдөрүнөн гана сакташпайт. Алар менен жыныстык мамиле же башка нерселерди кылып ырахат алууда айыптуу эмес. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 70

فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ

Ким жогоруда айтылгандай аялдары менен күндөрүнөн башкадан ырахат алууну кааласа, мына ошолор Аллахтын чектеринен чыккандар. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 70

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ

Алар өздөрүнө аманат кылынган мал-мүлктү жана сырларды, ошондой эле адамдар менен түзгөн келишимдерди бекем сактагандар. Алар аманаттарына кыянаттык кылыштпайт жана келишимдерин бузушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 70

وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ

Алар берген күбөлүктөрүн талаптагыдай аткаргандар. Күбө болууга туугандык да, душмандык да таасир берген эмес. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 70

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ

Алар намаздарын өз убагында окуп, даарат жана бейпилдик менен сактагандар. Аларды андан эч нерсе алаксытпайт. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 70

أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ

Мына ушундай сыпаттардагы адамдар – бейиштерде түбөлүк жыргалчылыкка туш болуп жана Аллахтын асыл Жүзүн көрүп сыйга бөлөнгөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 70

فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ

Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгарууга далбастаган коомуңдагы мушриктерди сенин айланаңа чогулууга эмне түрткү берди? info
التفاسير:

external-link copy
37 : 70

عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ

Алар сени оң тарабыңдан, сол тарабыңдан топ-топ болуп тегеректеп алышкан. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 70

أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ

Алар каапырлыкта болуп туруп, Аллахтан ар бирин түбөлүктүү жыргалчылыкта ырахаттанган жыргалчылык бейишине киргизүүнү үмүт кылышабы? info
التفاسير:

external-link copy
39 : 70

كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ

Абал алар элестеткендей эмес. Биз аларды өздөрү билген нерседен жараттык. Аларды жийиркеничтүү суудан жаратканбыз. Алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албагандай алсыз эле. Эми кандайча текеберленип жатышат? info
التفاسير:

external-link copy
40 : 70

فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ

Чыгыштын, батыштын, Күндүн, Айдын жана башка планеталардын Раббиси болгон Аллах Өзү менен касам ичип: Биз Кудуреттүүбүз... info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• شدة عذاب النار حيث يود أهل النار أن ينجوا منها بكل وسيلة مما كانوا يعرفونه من وسائل الدنيا.
Тозок азабынын катаалдыгы. Анткени тозоктогулар дүйнөдөгү билген бардык каражаттар менен андан кутулууну каалашат. info

• الصلاة من أعظم ما تكفَّر به السيئات في الدنيا، ويتوقى بها من نار الآخرة.
Намаз – бул дүйнөдө күнөөлөрдүн кечирилүүсүнүн жана акырет азабынан коргонуунун эң чоң себептеринен. info

• الخوف من عذاب الله دافع للعمل الصالح.
Аллахтын азабынан коркуу – жакшылык иш кылууга түрткү берет. info