ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
17 : 68

إِنَّا بَلَوۡنَٰهُمۡ كَمَا بَلَوۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ إِذۡ أَقۡسَمُواْ لَيَصۡرِمُنَّهَا مُصۡبِحِينَ

Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 68

وَلَا يَسۡتَثۡنُونَ

Алар касам ичишкенде «Аллах кааласа» деген сөздү айтышпады. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 68

فَطَافَ عَلَيۡهَا طَآئِفٞ مِّن رَّبِّكَ وَهُمۡ نَآئِمُونَ

Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аны жалмады. Алар аны оттон сактап кала алышпады. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 68

فَأَصۡبَحَتۡ كَٱلصَّرِيمِ

Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 68

فَتَنَادَوۡاْ مُصۡبِحِينَ

Анан алар таң заарда бири-бирин чакырышты. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 68

أَنِ ٱغۡدُواْ عَلَىٰ حَرۡثِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰرِمِينَ

«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 68

فَٱنطَلَقُواْ وَهُمۡ يَتَخَٰفَتُونَ

Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп, шашылган бойдон жерлерине жөнөштү. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 68

أَن لَّا يَدۡخُلَنَّهَا ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكُم مِّسۡكِينٞ

Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 68

وَغَدَوۡاْ عَلَىٰ حَرۡدٖ قَٰدِرِينَ

Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 68

فَلَمَّا رَأَوۡهَا قَالُوٓاْ إِنَّا لَضَآلُّونَ

Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө, бири-бирине айтышты: «Биз жолдон адашып калдык окшойт. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 68

بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ

Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 68

قَالَ أَوۡسَطُهُمۡ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ لَوۡلَا تُسَبِّحُونَ

Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 68

قَالُواْ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 68

فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَلَٰوَمُونَ

Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 68

قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ

Алар өкүнүп мындай дешти: «Куругур экенбиз го! Биз кедейлердин акысын бербей, чектен чыгып кетиптирбиз. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 68

عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبۡدِلَنَا خَيۡرٗا مِّنۡهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ

Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыкты сурайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 68

كَذَٰلِكَ ٱلۡعَذَابُۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабы мындан да чоң, эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 68

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 68

أَفَنَجۡعَلُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ كَٱلۡمُجۡرِمِينَ

Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодо мусулмандарды каапырлардай кылып коёт бекенбиз? info
التفاسير:

external-link copy
36 : 68

مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ

Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар? info
التفاسير:

external-link copy
37 : 68

أَمۡ لَكُمۡ كِتَٰبٞ فِيهِ تَدۡرُسُونَ

Же силерде баш ийген адам менен күнөөкөрдү бирдей деп окуган китебиңер барбы? info
التفاسير:

external-link copy
38 : 68

إِنَّ لَكُمۡ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ

Ал китепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалаганды тандаган нерселер барбы? info
التفاسير:

external-link copy
39 : 68

أَمۡ لَكُمۡ أَيۡمَٰنٌ عَلَيۡنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ إِنَّ لَكُمۡ لَمَا تَحۡكُمُونَ

Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагы анттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы? info
التفاسير:

external-link copy
40 : 68

سَلۡهُمۡ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ

Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 68

أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَآءُ فَلۡيَأۡتُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ

Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 68

يَوۡمَ يُكۡشَفُ عَن سَاقٖ وَيُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ

Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда, ыймандуулар сажда кылышат, ал эми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• منع حق الفقير سبب في هلاك المال.
Кедейдин акысын бербестик – мал-мүлктүн кыйрашына себеп болот. info

• تعجيل العقوبة في الدنيا من إرادة الخير بالعبد ليتوب ويرجع.
Жазанын дүйнөдө эрте келүүсү – пенде тообо кылып кайтуусу үчүн ага жакшылык каалоого жатат. info

• لا يستوي المؤمن والكافر في الجزاء، كما لا تستوي صفاتهما.
Ыймандуу адам менен каапыр адам сыпаттарында бирдей болбогондой эле алардын жазасы да бирдей болбойт. info