ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
5 : 66

عَسَىٰ رَبُّهُۥٓ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبۡدِلَهُۥٓ أَزۡوَٰجًا خَيۡرٗا مِّنكُنَّ مُسۡلِمَٰتٖ مُّؤۡمِنَٰتٖ قَٰنِتَٰتٖ تَٰٓئِبَٰتٍ عَٰبِدَٰتٖ سَٰٓئِحَٰتٖ ثَيِّبَٰتٖ وَأَبۡكَارٗا

Эгерде пайгамбар силерге талак берсе, анда Раббиси ага силерден да жакшы болгон, анын буйругуна баш ийген, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген, Ага моюн сунган, күнөөлөрүнө тообо кылган, Раббисине ибадат кылган жана орозо кармаган жубандарды жана эч ким жакындык кылбаган кыздарды алмаштырып коюшу мүмкүн. Бирок ал аларга талак берген жок. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• مشروعية الكَفَّارة عن اليمين.
Анттын күнөөсүнөн кутуулунун жолу шариятта бар. info

• بيان منزلة النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه ودفاعه عنه.
Пайгамбардын Раббисинин алдындагы ордун жана аны коргоосун баяндоо. info

• من كرم المصطفى صلى الله عليه وسلم مع زوجاته أنه كان لا يستقصي في العتاب فكان يعرض عن بعض الأخطاء إبقاءً للمودة.
Пайгамбардын аялдары менен болгон айкөлдүгү. Ал ашыкча жемелеген эмес, ортодогу сүйүү сакталыш үчүн кээ бир катачылыктарды гана айткан. info

• مسؤولية المؤمن عن نفسه وعن أهله.
Ыймандуу адамдын өзү жана үй-бүлөсү үчүн жоопкерчилиги. info