ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
17 : 56

يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ

Аларга кызмат кылуу үчүн картайбаган жана жок болуп кетпеген жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 56

بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ

Алар кармоочсуз чөйчөктөр, кармоочу бар кумуралар жана бейиште токтобой агып турган шараптар куюлган чынылар менен айланып турушат. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 56

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ

Ал дүйнөнүн шарабына окшош эмес, анын ичкен адамдын башы оорубайт жана акылын да жоготуп койбойт. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 56

وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ

Ал жаш жигиттер алар каалагандай мөмө-жемиштер менен аларды тегеренип жүрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 56

وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ

Жана алар каалагандай куштардын эттери менен айланып жүрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 56

وَحُورٌ عِينٞ

Бейиште алар үчүн бакыраң көз сулуу аялдар бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 56

كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ

Алар седепте жашырылган берметтер сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 56

جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 56

لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا

Алар бейиште уят сөздөрдү жана адамды күнөөгө түрткөн нерселерди угушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 56

إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا

Алар периштелердин аларга айткан саламдарын жана алардын өз ара саламдашуусун гана угушат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ

Амал китептери оң тарабынан берилгендердин Аллахтын алдындагы абалы жана кадыры кандай улуу. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 56

فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ

Алар тикенектери кесилген, зыянсыз Сидрдын арасында. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 56

وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ

Үстү-үстүнө тизилген банандардын астында. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 56

وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ

Үзүлбөстөн узакка созулган көлөкөлөрдө. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 56

وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ

Токтобой аккан суулардын боюнда. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 56

وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ

Сансыз көп мөмө-жемиштер ичинде. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 56

لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ

Алар эч качан түгөнбөйт, анын мезгили да болбойт жана алар аны кайсы убакта кааласа, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбайт. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 56

وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ

Алар сөрүлөргө коюлган бийик көтөрүлгөн төшөктөрдө. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 56

إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ

Чындыгында Биз жогоруда айтылган Хур кыздарды адаттан тыш кылып жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 56

فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا

Аларды буга чейин эч бир кол тийбеген кыздар кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 56

عُرُبًا أَتۡرَابٗا

Алар күйөөлөрүнө сүйүктүү жана жаштары бирдей. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 56

لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Биз аларды бактысынын белгиси катары оң тарап алынып кеткен оң тарап ээлери үчүн жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 56

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Алар абалкы пайгамбарлардын үммөттөрүнөн болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 56

وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана акыркы үммөт болгон Мухаммаддын үммөтүнөн болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ

Амал китеби сол тарабынан берилгендердин абалы жана бара турган жайы кандай жаман. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 56

فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ

Алар өтө ысык шамалда жана өтө ысык сууда. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 56

وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ

Капкара түтүндүн көлөкөсүндө. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 56

لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ

Соккон жели да жагымсыз, көрүнүшү да жагымсыз. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 56

إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ

Алар азапка келерден мурун дүйнөдө кумардан башка эч нерсени ойлобостон жыргап жашашкан. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 56

وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ

Алар Аллахка каапырлык кылуудан жана Андан башка кудайларга сыйынуудан баш таштышкан жок. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 56

وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

Алар кайра тирилүүнү четке кагышты жана аны мүмкүн эмес дегендей шылдыңдап мындай деп айтышты: «Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилет бекенбиз? info
التفاسير:

external-link copy
48 : 56

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

Же бизден мурун өлгөн абалкы ата-бабаларыбыз кайрадан тирилишет бекен?». info
التفاسير:

external-link copy
49 : 56

قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ

Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четкен каккандарга айт: «Чындыгында адамдардын абалкылары да, акыркылары да, info
التفاسير:

external-link copy
50 : 56

لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

Кыямат күнү сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн сөзсүз түрдө чогултулат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• العمل الصالح سبب لنيل النعيم في الآخرة.
Жакшылык иш акыретте жыргалчылыкка жетүүгө себеп болот. info

• الترف والتنعم من أسباب الوقوع في المعاصي.
Ашкере барчылыкта жана жыргалчылыкта жашоо күнөөгө батуунун себептеринен. info

• خطر الإصرار على الذنب.
Күнөөдөн баш тартпай жүрүүнүн коркунучу. info