ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
42 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
43 : 55

هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي يُكَذِّبُ بِهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ

Аларга жемелөө катары айтылат: «Каапырлар дүйнөдө жалганга чыгарышкан мына бул тозок – алардын көз алдында турат, алар аны четке кага алышпайт». info
التفاسير:

external-link copy
44 : 55

يَطُوفُونَ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَ حَمِيمٍ ءَانٖ

Алар аны менен катуу кайнаган суунун ортосунда ары-бери жүрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
46 : 55

وَلِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ جَنَّتَانِ

Акыретте Раббисинин алдында туруудан корккон, ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн эки бакча даярдалган. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
48 : 55

ذَوَاتَآ أَفۡنَانٖ

Бул эки бакчанын жапжашыл жана мөмөлүү чоң бутакчалары бар. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
50 : 55

فِيهِمَا عَيۡنَانِ تَجۡرِيَانِ

Ал эки бакчада агып турган эки булак бар. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
52 : 55

فِيهِمَا مِن كُلِّ فَٰكِهَةٖ زَوۡجَانِ

Ал экөөндө жей турган бардык мөмө-жемиштердин эки түрү бар. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
54 : 55

مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ فُرُشِۭ بَطَآئِنُهَا مِنۡ إِسۡتَبۡرَقٖۚ وَجَنَى ٱلۡجَنَّتَيۡنِ دَانٖ

Алар ички бети майда жибектен болгон төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Ал эми эки бакчанын бышкан мөмө-жемиштерин үзүп алуу турган, олтурган жана жамбаштап жаткан адам үчүн жакын. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
56 : 55

فِيهِنَّ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ

Ал жакта күйөөлөрүн гана караган аялдар бар. Алардын кыздык абийирине күйөөлөрүнөн мурда адам да, жин да тийген эмес. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
58 : 55

كَأَنَّهُنَّ ٱلۡيَاقُوتُ وَٱلۡمَرۡجَانُ

Алар сулуулук жана тунуктук жактан жакут менен маржан сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
60 : 55

هَلۡ جَزَآءُ ٱلۡإِحۡسَٰنِ إِلَّا ٱلۡإِحۡسَٰنُ

Раббисине моюн сунуп жакшылык кылган адамдын сыйлыгы – Аллахтын ага кылган эң жакшы сыйлыгы менен гана болот эмеспи? info
التفاسير:

external-link copy
61 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
62 : 55

وَمِن دُونِهِمَا جَنَّتَانِ

Бул айтылган эки бакчанын алдында башка дагы эки бакча бар. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
64 : 55

مُدۡهَآمَّتَانِ

Ал экөө тең кочкул жашыл түстө. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
66 : 55

فِيهِمَا عَيۡنَانِ نَضَّاخَتَانِ

Бул эки бакчада суусу атылып чыккан эки булак бар. Алардын суусунун буркулдаганы токтобойт. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
68 : 55

فِيهِمَا فَٰكِهَةٞ وَنَخۡلٞ وَرُمَّانٞ

Бул эки бакчада көптөгөн жемиштер, чоң курмалар жана анарлар бар. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• أهمية الخوف من الله واستحضار رهبة الوقوف بين يديه.
Аллахтан коркуунун маанилүүлүгү жана Анын алдында туруунун коркунучун элестетүү. info

• مدح نساء الجنة بالعفاف دلالة على فضيلة هذه الصفة في المرأة.
Бейиш аялдарынын абийирдүүлүгүн мактоо – бул сыпаттын аялзатында болуусунун артыкчылыгын билдирет. info

• الجزاء من جنس العمل.
Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот. info