ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
28 : 54

وَنَبِّئۡهُمۡ أَنَّ ٱلۡمَآءَ قِسۡمَةُۢ بَيۡنَهُمۡۖ كُلُّ شِرۡبٖ مُّحۡتَضَرٞ

Аларга кабар бер, кудуктун суусу алар менен төөнүн ортосунда бөлүндү, бир күн алар үчүн, бир күн төө үчүн. Ар бири өз үлүшү үчүн өзүнүн күнүндө келет. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 54

فَنَادَوۡاْ صَاحِبَهُمۡ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ

Анан алар төөнү өлтүрүүгө шеригин чакырышты. Ал элинин буйругун аткарыш үчүн кылычты алды да, төөнү өлтүрүп салды. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 54

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду? info
التفاسير:

external-link copy
31 : 54

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَكَانُواْ كَهَشِيمِ ٱلۡمُحۡتَظِرِ

Биз аларды бир кыйкырып жиберип жок кылдык. Алар коргончу кой короосун тоскон как чырпыктай болуп калышты. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 54

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эстөө жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы үлгү-насааттардан сабак алуучулар барбы? info
التفاسير:

external-link copy
33 : 54

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطِۭ بِٱلنُّذُرِ

Луттун коому пайгамбары Лут эскерткен нерсени жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 54

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٖۖ نَّجَّيۡنَٰهُم بِسَحَرٖ

Биз аларга таш жаадырган шамал жибердик. Луттун үй-бүлөсү гана азапка дуушар болгон жок. Биз аларды андан куткардык. Ал алар менен бирге азап түшкөнгө чейин түндүн акырында жолго чыгышты. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 54

نِّعۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي مَن شَكَرَ

Биз аларды Өз жакшылыгыбыз менен азаптан куткардык. Биз Лутка бергендей сыйлыкты Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандарга да беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 54

وَلَقَدۡ أَنذَرَهُم بَطۡشَتَنَا فَتَمَارَوۡاْ بِٱلنُّذُرِ

Лут аларды Биздин азабыбыз менен коркутту, бирок алар анын эскертүүсү тууралуу талашып тартышты жана аны четке кагышты. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 54

وَلَقَدۡ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيۡفِهِۦ فَطَمَسۡنَآ أَعۡيُنَهُمۡ فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

Луттун коому андан бузукулук максатта периштелерден болгон конокторун алар менен жалгыз калтыруусун талап кылышты. Ошондо Биз алардын көздөрүн бууп койдук, алар көрбөй калышты. Жана Биз аларга: «Менин азабымды жана силерге айткан эскертмемдин акыбетин тарткыла» – деп айттык. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 54

وَلَقَدۡ صَبَّحَهُم بُكۡرَةً عَذَابٞ مُّسۡتَقِرّٞ

Эртең менен аларга акыретке барышканга чейин токтобогон азап келди жана акырет азабы да келет. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 54

فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

Аларга айтылат: «Мен силерге түшүргөн азапты жана Луттун силерге берген эскертмесинин акыбетин тарткыла». info
التفاسير:

external-link copy
40 : 54

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен? info
التفاسير:

external-link copy
41 : 54

وَلَقَدۡ جَآءَ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ ٱلنُّذُرُ

Фараондун үй-бүлөсүнө эскертүүбүз Муса менен Харундун тили аркылуу келди. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 54

كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذۡنَٰهُمۡ أَخۡذَ عَزِيزٖ مُّقۡتَدِرٍ

Алар Биз тараптан келген далилдерди жалганга чыгарышты. Анан Биз аларды жалгандары себептүү эч ким үстөм кыла албаган Жеңилгис, эч ким алсырата албаган Кудуреттүүнүн жазасы менен жазаладык. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 54

أَكُفَّارُكُمۡ خَيۡرٞ مِّنۡ أُوْلَٰٓئِكُمۡ أَمۡ لَكُم بَرَآءَةٞ فِي ٱلزُّبُرِ

Оо, Мекке калкы! Силердин каапырларыңар жогоруда айтылган Нухтун коому, Аад, Самуд, Луттун коому жана Фараондун коомундагы каапырлардан жакшыраакпы? Же силерде асман китептеринде келген Аллахтын азабынан кутулуу барбы? info
التفاسير:

external-link copy
44 : 54

أَمۡ يَقُولُونَ نَحۡنُ جَمِيعٞ مُّنتَصِرٞ

Же болбосо Мекке калкынан болгон каапырлар: «Биз жамандык каалагандардын жана биздин жамаатты бөлүп жарууну каалагандардын баарысын жеңебиз» – деп айтышабы? info
التفاسير:

external-link copy
45 : 54

سَيُهۡزَمُ ٱلۡجَمۡعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ

Ал каапырлардын жамааты жакында жеңилет жана ыймандуулардын алдында артка карай качышат. Бул Бадр күнү болгон. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 54

بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوۡعِدُهُمۡ وَٱلسَّاعَةُ أَدۡهَىٰ وَأَمَرُّ

Алар жалганга чыгарган кыямат – алар азапталуучу убадаланган убакыт. Кыямат – алар Бадр күнү тарткан дүйнө азабынан да оор жана катаал. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 54

إِنَّ ٱلۡمُجۡرِمِينَ فِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٖ

Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөрлөр акыйкаттан адашууда, азапта жана кыйынчылыкта. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 54

يَوۡمَ يُسۡحَبُونَ فِي ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ ذُوقُواْ مَسَّ سَقَرَ

Алар жүздөрү менен тозокко сүйрөлгөн күнү аларга жеме катары: «Тозок азабын таткыла» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 54

إِنَّا كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَٰهُ بِقَدَرٖ

Чындыгында Биз ааламдагы бүткүл нерсени Өзүбүздүн мурунку тагдырдын негизинде, илимибизге жана каалообузга ылайык жана ошондой эле Сакталган Тактада жазганыбыздай жараттык. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• شمول العذاب للمباشر للجريمة والمُتَمالئ معه عليها.
Азап өзүнө күнөөкөрдү жана аны менен бирге болгондорду камтыйт. info

• شُكْر الله على نعمه سبب السلامة من العذاب.
Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылуу – азаптан кутулуунун себептеринен. info

• إخبار القرآن بهزيمة المشركين يوم بدر قبل وقوعها من الإخبار بالغيب الدال على صدق القرآن.
Куранда Бадр күнү боло электен мурун эле мушриктердин жеңилүүсү тууралуу айтылуусу – Курандын чындык экенин билдирген кайып кабарлардан болуп эсептелет. info

• وجوب الإيمان بالقدر.
Тагдырга ыйман келтирүүнүн милдеттүүлүгү. info