ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
27 : 53

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ تَسۡمِيَةَ ٱلۡأُنثَىٰ

Акыреттеги тирилүүгө ыйман келтирбегендер периштелерди Аллахтын кыздары деген ишенимден улам аларды аялдардын аттары менен аташат. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн жогору турат. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 53

وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـٔٗا

Периштелерди аялдардын аттары менен атоодо алардын таянар илими жок. Алар бул нерседе божомол жана күмөнгө гана ээрчишет. Чындыгында күмөн акыйкаттын ордун баскыдай эч кандай пайда келтире албайт. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 53

فَأَعۡرِضۡ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكۡرِنَا وَلَمۡ يُرِدۡ إِلَّا ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн баш тарткан, ага маани бербеген жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдан жүз бур. Ал акырети үчүн аракет кылбайт. Себеби ал ага ишенбейт. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 53

ذَٰلِكَ مَبۡلَغُهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱهۡتَدَىٰ

Мушриктердин периштелерди аялдардын аттары менен атап айткан бул сөздөрү — алар жеткен илимдин чеги. Анткени алар сабатсыз, алар терең ишенимге жетишкен эмес. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң акыйкат жолдон четтегендерди жакшы билет жана Анын жолуна түшкөндөрдү да жакшы билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 53

وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ بِٱلۡحُسۡنَى

Ээлик кылууда, жаратууда жана башкарууда асмандардагы жана жердеги нерселер жалгыз Аллахка таандык. Ошон үчүн Ал дүйнөдө жамандык иштерди кылгандарды азап менен татыктуу жазасын берет жана жакшылык кылган ыймандууларга бейишти сыйлык кылат. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 53

ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٞ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ

Чоң күнөөлөрдөн жана бузуку иштерден сактангандардын кичине күнөөлөрү, чоң күнөөдөн сактанып, көп ибадат кылганы себептүү кечирилет. О, пайгамбар! Чынында, Раббиңдин кечиримдүүлүгү чексиз. Ал пенделери тобо кылса, күнөөлөрүн кечирет. Ал силерди атаңар Адамды топурактан жараткандан (баштап) энеңердин ичинде улам өөрчүгөн түйүлдүк кездеги абалыңарды жана (кийинки) жасаган иштериңерди жакшы билет. Ага ч нерсе жашыруун эмес. Андыктан, өзүңөрдү такыбамын деп мактабагыла. Аллах Тала анын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбаларды жакшы билет. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 53

أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي تَوَلَّىٰ

Исламга жакындагандан кийин жүз бурган адамдын жийиркеничтүү абалын көрбөдүңбү? info
التفاسير:

external-link copy
34 : 53

وَأَعۡطَىٰ قَلِيلٗا وَأَكۡدَىٰٓ

Ал болбогон мал-мүлк берди, кийин токтотту. Анткени сараңдык анын табияты. Бирок ал ага карабастан өзүн мактайт. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 53

أَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡغَيۡبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ

Ал көрүп же сүйлөп бергидей анда кайып илими барбы? info
التفاسير:

external-link copy
36 : 53

أَمۡ لَمۡ يُنَبَّأۡ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ

Же ал Аллахка жалаа жабуучубу? Же бул жалакорго Аллах Мусага түшүргөн байыркы баракчалар тууралуу кабар берилген жок беле? info
التفاسير:

external-link copy
37 : 53

وَإِبۡرَٰهِيمَ ٱلَّذِي وَفَّىٰٓ

Жана Ибрахимдин баракчаларычы, ал Раббиси тапшырган нерселердин баарын аткарып, аны аягына чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 53

أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰ

Эч бир инсан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 53

وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ

Жана инсан өзү кылган иш-аракетинин сыйлыгын гана алат. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 53

وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ

Ал кыямат күнү иш-аракеттерин өз көзү менен көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 53

ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ

Кийин анын иштеринин сыйлыгын кемитпестен толук берет. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 53

وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ

Оо, пайгамбар! Пенделер өлүмдөн кийин Раббиңе кайтышат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضۡحَكَ وَأَبۡكَىٰ

Ал Өзү каалаганын кубандырып күлдүрөт жана Өзү каалаганын кайгыга салып ыйлатат. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحۡيَا

Ал дүйнөдө тирүүлөрдү өлтүрөт жана өлүктөрдү кайра тирилтет. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• انقسام الذنوب إلى كبائر وصغائر.
Күнөөлөрдүн чоң жана кичине болуп бөлүнүшү. info

• خطورة التقوُّل على الله بغير علم.
Илимсиздиктен Аллахка жалаа айтуунун коркунучу. info

• النهي عن تزكية النفس.
Өзүн-өзү мактоодон тыюу. info