ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
15 : 52

أَفَسِحۡرٌ هَٰذَآ أَمۡ أَنتُمۡ لَا تُبۡصِرُونَ

Силер өз көзүңөр менен көрүп жаткан бул азап сыйкыр бекен? Же силер аны көрбөй жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
16 : 52

ٱصۡلَوۡهَا فَٱصۡبِرُوٓاْ أَوۡ لَا تَصۡبِرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡكُمۡۖ إِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Анын ысыктык азабына сабыр кылгыла же кылбагыла, силердин сабыр кылганыңар менен кылбаганыңар баары бир. Бүгүн силер дүйнөдө кылган каапырлыгыңар менен күнөөлөрүңөрдүн жазасың аласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 52

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَعِيمٖ

Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштерде жана түбөлүктүү улуу жыргалчылыктарда болушат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 52

فَٰكِهِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ وَوَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ

Алар Аллах берген тамак-аш, суусундук жана нике ырахаттары себептүү, ошондой эле Раббиси аларды тозок азабынан куткаргандыгы себептүү кубанышат. Анткени алар каалаган жыргалчылыктарга жетип жана кайгы-капалардан коргоодо болуп жеңишке жетишти. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 52

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Аларга айтылат: «Көңүлүңөр каалаган сиңимдүү нерселерден жегиле жана ичкиле. Жеген же ичкен нерселерди зыяндуу деп коркпогула. Бул силердин дүйнөдө кылган жакшы иш-аракеттериңерди сыйлыгы». info
التفاسير:

external-link copy
20 : 52

مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ سُرُرٖ مَّصۡفُوفَةٖۖ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ

Алар бири-бирине бет маңдай жайгашкан жасалгалуу сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Жана Биз аларды бакыраң көз апапакай аялдарга үйлөндүрөбүз. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 52

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱتَّبَعَتۡهُمۡ ذُرِّيَّتُهُم بِإِيمَٰنٍ أَلۡحَقۡنَا بِهِمۡ ذُرِّيَّتَهُمۡ وَمَآ أَلَتۡنَٰهُم مِّنۡ عَمَلِهِم مِّن شَيۡءٖۚ كُلُّ ٱمۡرِيِٕۭ بِمَا كَسَبَ رَهِينٞ

Ыйман келтиргендерди жана аларды ыйманда ээрчиген бала-чакаларын, аларды көргөндө көздөрү кубануулары үчүн алар менен бирге кылабыз. Алардын иш-аракеттери алардыкына жетпесе дагы, Биз алардын иш-аракеттеринин соопторунан эч нерсени кемитпейбиз. Ар бир адам кылган жамандык иши себептүү кармалып турат. Башка эч ким анын иш-аракеттерин көтөрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 52

وَأَمۡدَدۡنَٰهُم بِفَٰكِهَةٖ وَلَحۡمٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ

Жана Биз бейиштегилерди түрдүү мөмө-жемиштер менен жана алар каалаган эттер менен камсыздайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 52

يَتَنَٰزَعُونَ فِيهَا كَأۡسٗا لَّا لَغۡوٞ فِيهَا وَلَا تَأۡثِيمٞ

Алар бейиште бири-бирине чөйчөктөрдү сунушат. Аны ичкенде дүйнөдөгүдөй мас абалынан улам жалган сүйлөө же күнөө кылуу сыяктуу нерселер болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 52

۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ غِلۡمَانٞ لَّهُمۡ كَأَنَّهُمۡ لُؤۡلُؤٞ مَّكۡنُونٞ

Аларга кызмат кылууга дайындалган жаш жигиттер аларды айланып турушат. Алардын терилеринин тунуктугу жана актыгы седепте сакталган берметтер сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 52

وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ

Жана бейиштегилердин кээ бирлери башкаларына кайрылып, бири-биринен дүйнөдөгү абалдары жөнүндө сурашты. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 52

قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا قَبۡلُ فِيٓ أَهۡلِنَا مُشۡفِقِينَ

Аларга мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнөдө үй-бүлөбүздүн арасында Аллахтын азабынан корккон абалда элек. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 52

فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَا وَوَقَىٰنَا عَذَابَ ٱلسَّمُومِ

Анан Аллах бизге Исламга карай туура жолду тартуулады жана бизди өтө ысыган азаптан сактады. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 52

إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلُ نَدۡعُوهُۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡبَرُّ ٱلرَّحِيمُ

Биз дүйнө жашоосунда Ага сыйынып, бизди тозок азабынан сакта деп дуба кылат элек. Чындыгында Ал жакшылык Кылуучу, пенделерине берген убадасына Чынчыл, аларга Ырайымдуу. Ал бизди ыйман жолуна салып, бейишке киргизгени жана тозоктон алыстатканы – бизге кылган жакшылыгы жана мээрими». info
التفاسير:

external-link copy
29 : 52

فَذَكِّرۡ فَمَآ أَنتَ بِنِعۡمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٖ وَلَا مَجۡنُونٍ

Оо, пайгамбар! Куран менен эскерткин! Аллах сага берген ыйман жана акыл себептүү сен жин-шайтандары бар көзү ачык эмессиң, жинди да эмессиң. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 52

أَمۡ يَقُولُونَ شَاعِرٞ نَّتَرَبَّصُ بِهِۦ رَيۡبَ ٱلۡمَنُونِ

Же ал жалганчылар: «Мухаммад элчи эмес, ал акын. Биз анын өлүмү келгенче күтүп, андан кутулуп эс алалы» – дешеби? info
التفاسير:

external-link copy
31 : 52

قُلۡ تَرَبَّصُواْ فَإِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُتَرَبِّصِينَ

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Өлүмүмдү күткүлө! Мен дагы силер мени жалганга чыгарганыңар үчүн силерге келе турган азапты күтөмүн». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الجمع بين الآباء والأبناء في الجنة في منزلة واحدة وإن قصر عمل بعضهم إكرامًا لهم جميعًا حتى تتم الفرحة.
Ата-энелер менен балдардын кээ бирлеринин иш-аракетинде кемчиликтер болсо да, алардын баары кубанычка батуулары үчүн аларды бир даражада Бейишке чогултуу. info

• خمر الآخرة لا يترتب على شربها مكروه.
Акырет шарабын ичүүдө эч кандай жагымсыз нерселер болбойт. info

• من خاف من ربه في دنياه أمّنه في آخرته.
Ким бул дүйнөдө Раббисинен корксо, акыретте коопсуз болот. info