ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
26 : 40

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ذَرُونِيٓ أَقۡتُلۡ مُوسَىٰ وَلۡيَدۡعُ رَبَّهُۥٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمۡ أَوۡ أَن يُظۡهِرَ فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡفَسَادَ

Фараон айтты: «Мени тоспогула, мен Мусаны өзүм жазалап өлтүрөм. Эми ал Раббисине сакта деп жалбарсын. Бирок мен анын жалбарганына карабайм. Менин коркконум – ал силердин тутунган диниңерди өзгөртүп жиберет же жер бетинде өлтүрүү, талкалоо сыяктуу бузукулуктар жайылат». info
التفاسير:

external-link copy
27 : 40

وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُم مِّن كُلِّ مُتَكَبِّرٖ لَّا يُؤۡمِنُ بِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ

Качан Муса Фараондун аны коркутканын билгенде мындай деди: «Мен өзүмдүн Раббимден жана силердин Раббиңерден акыйкатка жана ага ишенүүгө текеберлик кылган, кыямат күнүндөгү сурак жана жазага ыйман келтирбеген адамдардан коргоосун сураймын». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 40

وَقَالَ رَجُلٞ مُّؤۡمِنٞ مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَكۡتُمُ إِيمَٰنَهُۥٓ أَتَقۡتُلُونَ رَجُلًا أَن يَقُولَ رَبِّيَ ٱللَّهُ وَقَدۡ جَآءَكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ مِن رَّبِّكُمۡۖ وَإِن يَكُ كَٰذِبٗا فَعَلَيۡهِ كَذِبُهُۥۖ وَإِن يَكُ صَادِقٗا يُصِبۡكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي يَعِدُكُمۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ كَذَّابٞ

Ошондо Фараондун туугандарынан болгон, адамдардан ыйманын жашырып жүргөн бир киши алардын Мусаны өлтүрөбүз деген ойлорун четке кагып мындай деди: «Силер эч кандай күнөөсү болбогон, Раббим – Аллах дегени үчүн эле адамды өлтүрө бересиңерби?! Ал силерге Аллах тараптан келген элчимин деген сөзүнүн чындык экендигин тастыктаган далилдерди алып келди го?! Эгерде ал жалган айткан болсо, анда жалганынын зыяны өзүнө тиет. А эгер айткан сөзү чын болсо, анда ал силерге убада кылып жаткан кээ бир азаптар көп өтпөй өз башыңарга түшүп жүрбөсүн. Чындыгында Аллах Анын чектеринен чыккандарды, Ага жана пайгамбарларына жалаа жапкандарды акыйкат жолго салбайт. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 40

يَٰقَوۡمِ لَكُمُ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَ ظَٰهِرِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَمَن يَنصُرُنَا مِنۢ بَأۡسِ ٱللَّهِ إِن جَآءَنَاۚ قَالَ فِرۡعَوۡنُ مَآ أُرِيكُمۡ إِلَّا مَآ أَرَىٰ وَمَآ أَهۡدِيكُمۡ إِلَّا سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ

Оо, элим! Мисир жериндеги үстөм бийлик силердин гана колуңарда. Эгер Мусаны өлтүргөн үчүн бизге Аллахтын азабы келсе, бизди андан ким куткарат?». Фараон айтты: «Менин оюм – чечүүчү ой, менин өкүмүм – чечүүчү өкүм. Менин оюм – жамандыкты жана бузукулукту тосуш үчүн Мусаны өлтүрүш керек. Мен силерди туура нерсеге гана багыттайм». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 40

وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُم مِّثۡلَ يَوۡمِ ٱلۡأَحۡزَابِ

Ыйман келтирген адам элине наасат кылып айтты: «Эгерде силер зулумдук, канкордук кылып Мусаны өлтүрчү болсоңор, анда мен силердин башыңарга мурункулар сыяктуу жамаат-жамаат болуп пайгамбарларына каршы биригишип, кийин Аллах аларды жок кылгандай азап келүүсүнөн коркомун. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 40

مِثۡلَ دَأۡبِ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۚ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلۡمٗا لِّلۡعِبَادِ

Нух коому, Аад жана Самуд, ошондой эле алардан кийинки келгендер сыяктуу каапырлык кылгандарды жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандарды – каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгарышканы үчүн Аллах аларды жок кылды. Аллах пенделерине зулумдукту каалабайт. Ал аларга өздөрүнө ылайык жаза берип, күнөөлөрү үчүн гана азаптайт. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 40

وَيَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ يَوۡمَ ٱلتَّنَادِ

Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн кыямат күнүнөн коркомун. Ал күнү адамдар туугандыгы же кадыр-барктуулугу ошондой коркунучтуу абалда аларга жардам берет деген ойдо бири-бирин атап чакырышат. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 40

يَوۡمَ تُوَلُّونَ مُدۡبِرِينَ مَا لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِنۡ عَاصِمٖۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ

Силер ал күнү тозоктон артыңарды карабай жандалбастап качасыңар. Силерди Аллахтын азабынан коргоп кала тургандай эч бир нерсе болбойт. Аллах кимди жардамсыз таштап, ыйман келтирүүгө ийгилик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт. Анткени туура жолго ийгилик берүү Аллахтын гана колунда. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• لجوء المؤمن إلى ربه ليحميه من كيد أعدائه.
Ыймандуу адам душмандардын айла-амалынан коргонуш үчүн Аллахка гана кайрылат. info

• جواز كتم الإيمان للمصلحة الراجحة أو لدرء المفسدة.
Пайдалуу жагын көздөп же зыяндан сактаныш максатта ыйманды жашыруу уруксат. info

• تقديم النصح للناس من صفات أهل الإيمان.
Адамдарга насаат кылуу – ыймандуу адамдардын сыпаттарынан. info