ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
127 : 37

فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ

Аны коому жалганга чыгаргандан башка эч нерсе кылбады. Эми алар жалганга чыгарышканы себептүү азапка топтолуп келишет. info
التفاسير:

external-link copy
128 : 37

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Ал эми анын коомундагы Аллахка чын ыкластан сыйынган ыймандуулар – алар азапка топтолуп келүүдөн аман калышат. info
التفاسير:

external-link copy
129 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Ал эми келечек муундарга ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрүн калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
130 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ

Аллахтан Илияска дубай саламдар жана мактоолор болсун! info
التفاسير:

external-link copy
131 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз Илияска ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу ыймандуу пенделерибиздин жакшылык кылгандарына да сыйлыктарды беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
132 : 37

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Чындыгында Илияс Раббисине чындап ыйман келтирген чыныгы ыймандуу пенделерибизден эле. info
التفاسير:

external-link copy
133 : 37

وَإِنَّ لُوطٗا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Лут дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле. info
التفاسير:

external-link copy
134 : 37

إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

Биз аны жана бүт үй-бүлөсүн коомуна жиберилген азаптан сактаган кезибизди эстечи. info
التفاسير:

external-link copy
135 : 37

إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ

Бир гана аялынан башкасын. Анткени ал аял коому сыяктуу каапыр болгону үчүн аны да азап алды. info
التفاسير:

external-link copy
136 : 37

ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Анан Биз аны жалганга чыгарган жана ал алып келгенге ишенбеген коомунун калгандарын кыйратып жок кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
137 : 37

وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ

Эй, Мекке эли! Силер таң эрте Шамга карай сапарларыңарда алардын жерлеринен өтүп жатасыңар го! info
التفاسير:

external-link copy
138 : 37

وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Жана ал жерлерден түндөсү да өтүп жатасыңар. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? Алардын жалганынын, каапырлыгынын жана ага чейин болбогондой бузукулук кылгандарынын арты эмне болгонунан сабак албайсыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
139 : 37

وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Юнус дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле. info
التفاسير:

external-link copy
140 : 37

إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

Бир кезде ал Раббисинин уруксатысыз коомунан качып, жүргүнчүлөргө жана буюмдарга толгон кемеге отурду. info
التفاسير:

external-link copy
141 : 37

فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ

Кеме жүккө толгону үчүн чөгөйүн деп калды. Ошондо жүргүнчүлөр адамдын көптүгүнөн кеме чөгүп кетүүсүнөн коркуп, арасынан кээ бирлерин ыргытыш үчүн чүчү кулак ташташты. Юнус ошол утулгандардын арасында болчу. Аны деңизге ыргытышты. info
التفاسير:

external-link copy
142 : 37

فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٞ

Качан аны деңизге ыргытканда аны кит жутуп алды. Ал Раббисинин уруксатысыз деңизге кетип калгандыгы үчүн ал өзү жемеге алынган нерсеге туш болду. info
التفاسير:

external-link copy
143 : 37

فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ

Эгер Юнус бул иш болгонго чейин Аллахты көп зикир кылгандардан болбогондо, эгер ал киттин курсагында Аллахты аруулаганы болбогондо info
التفاسير:

external-link copy
144 : 37

لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

киттин курсагында кыямат күнгө чейин калып калмак. Ал ага кабыр сыяктуу болуп калмак. info
التفاسير:

external-link copy
145 : 37

۞ فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٞ

Анан Биз аны киттин курсагынан чыгарып, эч кандай бак-дарак, курулуш болбогон жерде таштадык. Ал киттин курсагында канча бир убакыт болгону үчүн анын денеси алсырап калган эле. info
التفاسير:

external-link copy
146 : 37

وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةٗ مِّن يَقۡطِينٖ

Анан Биз ал бош жерге аны көлөкөлөнсүн жана азыктансын деп ашкабак дарагын өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
147 : 37

وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ

Биз аны жүз миң же андан көбүрөөк элине пайгамбар кылып жибергенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
148 : 37

فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ

Алар ага ыйман келтиришти жана ал алып келгенди акыйкат деп ишеништи. Ошентип Аллах аларга дүйнө жашоосунда алардын ажалы келгенге чейин жакшылыктарды пайдаландырды. info
التفاسير:

external-link copy
149 : 37

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ

Оо, Мухаммад! Мушриктерден ачуулана сурачы: «Силер өзүңөр жаман көргөн кыз балдарды Аллахка таандык кылып, ал эми уул балдарды өзүңөргө таандык кылып алдыңарбы? Бул эмне деген бөлүштүрүү?! info
التفاسير:

external-link copy
150 : 37

أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثٗا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ

Алар кандайча периштелерди ургаачы деп ойлоп жатышат, аларды жаратканда катышышкан да эмес, көрүшкөн да эмес го?! info
التفاسير:

external-link copy
151 : 37

أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ

Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы. info
التفاسير:

external-link copy
152 : 37

وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ

Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы. info
التفاسير:

external-link copy
153 : 37

أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ

Аллах алар жакшы көргөн уул балдарды таштап, Өзү үчүн алар жаман көргөн кыз балдарды тандап алыптырбы? Жок! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• سُنَّة الله التي لا تتبدل ولا تتغير: إنجاء المؤمنين وإهلاك الكافرين.
Ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылуу – Аллахтын тутунган өзгөрбөс жана бурмаланбас жолу. info

• ضرورة العظة والاعتبار بمصير الذين كذبوا الرسل حتى لا يحل بهم ما حل بغيرهم.
Пайгамбарларды жалганга чыгаргандардын башына келген нерсе алардын да башына келбеш үчүн алардын акыбети кандай болгонун карап андан ибарат жана сабак алуунун зарылдыгы. info

• جواز القُرْعة شرعًا لقوله تعالى: ﴿ فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ اْلْمُدْحَضِينَ ﴾.
Шариятта чүчү кулак тартуу уруксат. Анткени Аллах айтты: «Чүчү кулак тартышканда ал жеңилгендерден болуп калды». info