ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
41 : 36

وَءَايَةٞ لَّهُمۡ أَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктары менен толгон кемеге түшүрдүк. Аллах ага ар бир түркүмдөн бирден жупту түшүрдү. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 36

وَخَلَقۡنَا لَهُم مِّن مِّثۡلِهِۦ مَا يَرۡكَبُونَ

Дагы аларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 36

وَإِن نَّشَأۡ نُغۡرِقۡهُمۡ فَلَا صَرِيخَ لَهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنقَذُونَ

Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 36

إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ

Бирок Биз аларды чөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдалануулары үчүн аларды кайра кайтарсак, балким ошондо алар сабак алышып ыйман келтирет чыгар. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 36

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُواْ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيكُمۡ وَمَا خَلۡفَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ

Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге: «Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылуу менен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 36

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далил болгон аят-белгилер келсе, алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 36

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنُطۡعِمُ مَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطۡعَمَهُۥٓ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар». info
التفاسير:

external-link copy
48 : 36

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүү анык болот деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, ал качан болот экен?». info
التفاسير:

external-link copy
49 : 36

مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ تَأۡخُذُهُمۡ وَهُمۡ يَخِصِّمُونَ

Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 36

فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ تَوۡصِيَةٗ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ يَرۡجِعُونَ

Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат. Алар ошол иштеп жаткан жерлеринде жан беришет. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 36

وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ

Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысы сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 36

قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرۡقَدِنَاۜۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَصَدَقَ ٱلۡمُرۡسَلُونَ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыкты айтышкан». info
التفاسير:

external-link copy
53 : 36

إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ

Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 36

فَٱلۡيَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗا وَلَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• من أساليب تربية الله لعباده أنه جعل بين أيديهم الآيات التي يستدلون بها على ما ينفعهم في دينهم ودنياهم.
Аллахтын пенделерин тарбиялоо ыкмаларынан – Ал алардын бет алдына аят-белгилерди кылып койду, алар аны динине жана дүйнөсүнө пайда келтирген нерселерге далил кылышат. info

• الله تعالى مكَّن العباد، وأعطاهم من القوة ما يقدرون به على فعل الأمر واجتناب النهي، فإذا تركوا ما أمروا به، كان ذلك اختيارًا منهم.
Аллах пенделерине алар Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого кудурети жете турганчалык мүмкүнчүлүк жана күч-кубат берди. Эгер алар буйрукту таштай турган болсо, бул алардын тандоосу болот. info