ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
15 : 34

لَقَدۡ كَانَ لِسَبَإٖ فِي مَسۡكَنِهِمۡ ءَايَةٞۖ جَنَّتَانِ عَن يَمِينٖ وَشِمَالٖۖ كُلُواْ مِن رِّزۡقِ رَبِّكُمۡ وَٱشۡكُرُواْ لَهُۥۚ بَلۡدَةٞ طَيِّبَةٞ وَرَبٌّ غَفُورٞ

Сабаа уруусу жашаган жерде Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана аларга берген жакшылыгына ачык-айкын белги болгон эки бакча бар болчу. Алардын бири оң тарапта, экинчиси сол тарапта эле. Биз аларга айттык: «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылгыла! Бул сонун жер, а Аллах болсо тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү Рабби». info
التفاسير:

external-link copy
16 : 34

فَأَعۡرَضُواْ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ سَيۡلَ ٱلۡعَرِمِ وَبَدَّلۡنَٰهُم بِجَنَّتَيۡهِمۡ جَنَّتَيۡنِ ذَوَاتَيۡ أُكُلٍ خَمۡطٖ وَأَثۡلٖ وَشَيۡءٖ مِّن سِدۡرٖ قَلِيلٖ

Алар Аллахка шүгүр кылуудан жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдөн баш тартышты. Ошондо Биз алардын жакшылыктарын балээге айлантып жазаладык, алардын суу тосмосун катуу сел менен талкаладык, эгин талааларын суу астында калтырдык жана алардын мөмөлүү эки бакчаларынын мөмөлөрүн ачуу кылып, дагы ал экөөсүн мөмөсүз жылгын дарагы жана аз сандагы сидр дарактарына алмаштырдык. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 34

ذَٰلِكَ جَزَيۡنَٰهُم بِمَا كَفَرُواْۖ وَهَلۡ نُجَٰزِيٓ إِلَّا ٱلۡكَفُورَ

Алар жакшылыктарда болгондон кийинки бул абалдын өзгөрүүсү алардын каапырлыктары жана жакшылыктарга шүгүр кылуудан баш тарткандыктары себептүү болду. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 34

وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُمۡ وَبَيۡنَ ٱلۡقُرَى ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَا قُرٗى ظَٰهِرَةٗ وَقَدَّرۡنَا فِيهَا ٱلسَّيۡرَۖ سِيرُواْ فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا ءَامِنِينَ

Жана Биз Йемендеги Сабаа эли менен Өзүбүз берекелүү кылган Шамдагы шаарлардын ортосунда бири-бирине жакын шаар-айылдарды кылдык. Ошентип алар бир шаардан экинчи шаарга кыйынчылыксыз жол жүрүп Шамга жетишет эле. Жана Биз аларга айттык: «Силер ал жерлерден душмандан, ачкалыктан жана чаңкоодон коопсуз абалда түндөсү болобу же күндүзү болобу, каалаган убакта өтө бергиле». info
التفاسير:

external-link copy
19 : 34

فَقَالُواْ رَبَّنَا بَٰعِدۡ بَيۡنَ أَسۡفَارِنَا وَظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَ وَمَزَّقۡنَٰهُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ

Аллахтын аларга аралыктарды жакындатып кылган жакшылыгына шүгүр кылышкан жок. Алар айтышты: «Оо, Раббибиз! Сен ал шаарларды жок кылып биздин сапар жолдорубузду алыстат, биз жол түйшүгүн тарталы жана биз минген төөлөрдүн артыкчылыгы да билинсин». Алар Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылуудан баш тартышты жана алардан болгон кедейлерге көрө албастык кылып өздөрүнө зулум кылышты. Ошентип Биз аларды кийинкилер кеп кылган сөзгө айландырып койдук, алар бири-бири менен байланыша албай тургандай аларды бытыранды кылып чар тарапка чачтык. Чындыгында Сабаа элине берилген жакшылык, андан соң алардын каапырлыктары жана текеберликтери себептүү аларга келген балээ-азаптарда, Аллахка баш ийген, күнөөлөрдөн алыс болгон, кыйынчылыктарга сабырдуу болгон пенделер үчүн жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандар үчүн үлгү-сабактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 34

وَلَقَدۡ صَدَّقَ عَلَيۡهِمۡ إِبۡلِيسُ ظَنَّهُۥ فَٱتَّبَعُوهُ إِلَّا فَرِيقٗا مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Чындыгында Иблис аларды азгырам жана акыйкаттан адаштырам деген оюн алардын үстүндө ишке ашырды, алар каапырлыкта жана адашууда аны ээрчип кетишти. Бирок ыймандуулар гана ага ээрчибестен, анын үмүтүн ишке ашырышпады. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 34

وَمَا كَانَ لَهُۥ عَلَيۡهِم مِّن سُلۡطَٰنٍ إِلَّا لِنَعۡلَمَ مَن يُؤۡمِنُ بِٱلۡأٓخِرَةِ مِمَّنۡ هُوَ مِنۡهَا فِي شَكّٖۗ وَرَبُّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٍ حَفِيظٞ

Иблистин аларды мажбурлап адаштырууга бийлиги жок, ал болгону (күнөөнү) жакшы көргөзүп, аларды азгырат. Бирок, Биз алардын кимиси акыретке, андагы жаза же сыйга ыйман келтирерин жана кимиси акыреттен шек санарын билүү үчүн шайтанга азгырууга уруксат бердик. О, пайгамбар! Раббиң бардык нерсени Сактоочу. Ал пенделеринин иш-аракеттерин сактап коёт жана ошого жараша аларга сыйын же жазасын көрсөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 34

قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمۡلِكُونَ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا لَهُمۡ فِيهِمَا مِن شِرۡكٖ وَمَا لَهُۥ مِنۡهُم مِّن ظَهِيرٖ

Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Силер пайда берет же зыянды кетирет деп Аллахтан башка кудайларыңар деп ойлогондорду чакыргылачы?!». Алар асмандар менен Жердеги кыпындай салмактагы нерсеге да ээлик кыла алышпайт. Алар бул нерседе Аллах менен шериктештиги жок. Аллахка жардам берген жардамчы жок. Ал шериктерге жана жардамчыларга муктаж эмес. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الشكر يحفظ النعم، والجحود يسبب سلبها.
Шүгүр кылуу жакшылыктарды сактайт, аны четке кагуу андан куру калууга себеп болот. info

• الأمن من أعظم النعم التي يمتنّ الله بها على العباد.
Тынчтык Аллахтын пенделерине берген эң улуу жакшылыктарынан. info

• الإيمان الصحيح يعصم من اتباع إغواء الشيطان بإذن الله.
Туура ыйман Аллахтын каалоосу менен шайтандын азгырыгына ээрчип кетүүдөн сактайт. info

• ظهور إبطال أسباب الشرك ومداخله كالزعم بأن للأصنام مُلْكًا أو مشاركة لله، أو إعانة أو شفاعة عند الله.
Кудайчалар бийликке ээ же Аллах менен шериктеш же жардам берет же Аллахтын алдында шапаат кылат деген сыяктуу ширктин себептерин жана кире турган жолдорун жокко чыгарууну баяндоо. info