ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
36 : 33

وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٖ وَلَا مُؤۡمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمۡرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلۡخِيَرَةُ مِنۡ أَمۡرِهِمۡۗ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلٗا مُّبِينٗا

Эгерде Аллах жана Анын элчиси кайсы нерсеге өкүм кылса, анда ыймандуу эркекке да, ыймандуу аялга да аны кабыл албоого,четке кагууга эч кандай тандоо берилбейт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда ал туура жолдон ачык адашты. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 33

وَإِذۡ تَقُولُ لِلَّذِيٓ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَأَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِ أَمۡسِكۡ عَلَيۡكَ زَوۡجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخۡفِي فِي نَفۡسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبۡدِيهِ وَتَخۡشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَىٰهُۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيۡدٞ مِّنۡهَا وَطَرٗا زَوَّجۡنَٰكَهَا لِكَيۡ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ حَرَجٞ فِيٓ أَزۡوَٰجِ أَدۡعِيَآئِهِمۡ إِذَا قَضَوۡاْ مِنۡهُنَّ وَطَرٗاۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ مَفۡعُولٗا

Оо, пайгамбар! Аллах аны Исламга киргизип жакшылык кылган жана сен аны азат кылып жакшылык кылган адамга (тагыраак айтканда Зейд ибн Хариса сага аялы Зайнаб бинт Жахшка талак берүү тууралуу кеңешейин деп келгенде) сен ага: «Аялыңды кетирбе, ага талак бербе! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корк» – деп айттың. Оо, пайгамбар! Бирок сен адамдардан коркуп, Аллахтын ага үйлөнүүң жөнүндө сага кылган вахийин жашырып койдуң. Жакында Аллах Зейддин ага талак бергенин жана сенин ага үйлөнөрүңдү ачыкка чыгарат. Бул иште коркууңа Аллах гана татыктуу го. Качан Зейддин ага көңүлү чаппай, жактырбай ага талак бергенде Биз силерди үйлөндүрдүк. Мусулмандардын бакма балдары аялдарына талак берсе жана алардын идда (күтүү) мөөнөтү бүтсө, анда аларга үйлөнүү күнөө эмес. Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, аны эч нерсе токтото албайт жана тоскоол боло албайт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 33

مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِيِّ مِنۡ حَرَجٖ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥۖ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ قَدَرٗا مَّقۡدُورًا

Пайгамбардын өз бакма баласынын аялына үйлөнүүсү сыяктуу Аллах уруксат берген нерселерде ал үчүн эч кандай күнөө же кыжалаттык болбойт. Ал бул нерседе өзүнөн мурунку пайгамбарлардын жолун жолдойт. Ал муну пайгамбарлардан биринчи болуп кылып жаткан жок. Аллахтын бул үйлөнүүнү ишке ашыруусунда жана асыранды баланы өз ата-тегине таандык кылууну жокко чыгаруусунда пайгамбарга ой айтуу же тандоо берилбейт. Аллахтын тагдыр кылган бул өкүмү сөзсүз ишке ашат, ал кайтарылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 33

ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَٰلَٰتِ ٱللَّهِ وَيَخۡشَوۡنَهُۥ وَلَا يَخۡشَوۡنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبٗا

Аллахтын түшүргөн жолдомолорун өз элине жеткирген пайгамбарлар Аллахтан башка эч кимден коркушпайт жана Аллах аларга уруксат берген иштерди ишке ашырууда башкалардын (айыптоо, каршы чыгуу менен) айткан сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Аллах пенделеринин иш-аракеттерин эсептөөгө Өзү жетиштүү. Алар үчүн пенделеринен сурак алат жана жакшылык иштерине сыйлыгын ал эми, жамандык иштерине жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 33

مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا

Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Зейд аялына талак бергенден кийин ага үйлөнүү арам болгудай ал анын атасы да эмес. Бирок ал Аллахтын адамзатка жиберген элчиси, пайгамбарлардын акыркысы, андан кийин эч бир пайгамбар болбойт. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Пенделеринин иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ ذِكۡرٗا كَثِيرٗا

Эй, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахты жүрөгүңөр, тилиңер жана дене-мүчөлөрүңөр менен көп-көптөн зикир кылгыла! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 33

وَسَبِّحُوهُ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلًا

Артыкчылыкка ээ болгон тасбих менен келмени айтып күндүн башталышында жана акырында Аны аруулагыла! info
التفاسير:

external-link copy
43 : 33

هُوَ ٱلَّذِي يُصَلِّي عَلَيۡكُمۡ وَمَلَٰٓئِكَتُهُۥ لِيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَكَانَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ رَحِيمٗا

Ал силерге ырайым кылат, мактоо айтат жана Анын периштелери силерди каапырлыктын караңгылыгынан ыйман нуруна чыгарсын деп дуба кылышат. Ал ыймандууларга Ырайымдуу. Эгер алар Ага моюн сунушса, аларды азаптабайт. Андыктан Анын буйругуна баш ийгиле, тыйгандарын таштагыла. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• وجوب استسلام المؤمن لحكم الله والانقياد له.
Ыймандуу адамга Аллахтын өкүмүнө моюн сунуу жана ээрчүү милдет. info

• اطلاع الله على ما في النفوس.
Аллах адамдын жан дүйнөсүндөгү бардык нерселерди билет. info

• من مناقب أم المؤمنين زينب بنت جحش: أنْ زوّجها الله من فوق سبع سماوات.
Ыймандуулардын энеси Зайнаб бинт Жахштын артыкчылыктарынан Аллах аны жети асман үстүнөн үйлөндүргөн. info

• فضل ذكر الله، خاصة وقت الصباح والمساء.
Аллахты зикир кылуунун артыкчылыгы, айрыкча таңга маал жана кечиндеси. info