ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
14 : 31

وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ وَهۡنًا عَلَىٰ وَهۡنٖ وَفِصَٰلُهُۥ فِي عَامَيۡنِ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيۡكَ إِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ

Биз инсанга Аллахтын алдында күнөө болбогон иште ата-энесине баш ийүүнү, аларга жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны өз курсагында кыйынчылык артынан кыйынчылык тартып көтөрдү жана аны эмчектен чыгаруу эки жыл. Биз ага айттык: «Аллах сага кылган жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кыл жана сага тарбия берген, камкордук кылган ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар, ошондо Мен ар бириңерге татыктуу сыйлыгын же жазасын берем». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• لما فصَّل سبحانه ما يصيب الأم من جهد الحمل والوضع دلّ على مزيد برّها.
Аллах эненин кош бойлуулуктан жана төрөттөн тарткан кыйынчылыктарын баяндоо менен ага ашыкча жакшылык кылууга жол көргөздү. info

• نفع الطاعة وضرر المعصية عائد على العبد.
Ибадаттын пайдасы жана күнөөнүн зыяны пенденин өзүнө кайтат. info

• وجوب تعاهد الأبناء بالتربية والتعليم.
Балдарга таалим-тарбия берүүнүн милдеттүүлүгү. info

• شمول الآداب في الإسلام للسلوك الفردي والجماعي.
Ислам дининдеги адептер өз ичине жеке жана коомдук жүрүм-турумдарды камтыйт. info