ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
36 : 30

وَإِذَآ أَذَقۡنَا ٱلنَّاسَ رَحۡمَةٗ فَرِحُواْ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ إِذَا هُمۡ يَقۡنَطُونَ

Эгерде Биз адамдарга ден-соолук, байлык сыяктуу жакшылыктарыбыздан берген болсок, алар ага чиренип кубанычка батышат жана теберленишет. А эгер аларга өз колдору менен кылган күнөөлөрү себептүү аларга жакпагандай оору, жакырчылык келген болсо, алар дароо Аллахтын ырайымынан жана аларга жеткен жамандыктан кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• فرح البطر عند النعمة، والقنوط من الرحمة عند النقمة؛ صفتان من صفات الكفار.
Жакшылыкта менменсинип кубануу жана жамандыкта Аллахтын ырайымынан үмүт үзүү – каапырлардын сыпаттарынан. info

• إعطاء الحقوق لأهلها سبب للفلاح.
Ар бир адамга өз акысын берүү ийгиликке жетүүнүн себеби. info

• مَحْقُ الربا، ومضاعفة أجر الإنفاق في سبيل الله.
Сүткорлуктун жок болуусу жана Аллах жолунда берилген садаканын сообунун эселеп көбөйүүсү. info

• أثر الذنوب في انتشار الأوبئة وخراب البيئة مشاهد.
Жугуштуу оорулардын жайылуусуна жана жаратылыштын бузулушуна күнөөлөрдүн тийгизген таасири ачык көрүнүп турат. info