ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
60 : 29

وَكَأَيِّن مِّن دَآبَّةٖ لَّا تَحۡمِلُ رِزۡقَهَا ٱللَّهُ يَرۡزُقُهَا وَإِيَّاكُمۡۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Бүткүл жан-жаныбарлар көптүгүнө карабастан өз азыктарын жыйнап, камдай алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берет. Андыктан ачкалыктан коркуп көчүүнү таштооңорго кечиримдүү себеп жок. Ал силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, ниеттериңерди жана иш-аракеттериңерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алар үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• استعجال الكافر بالعذاب دليل على حمقه.
Каапырдын азапты шаштыруусу анын кем акылдыгына далил болот. info

• باب الهجرة من أجل سلامة الدين مفتوح.
Динин сакташ үчүн Аллах жолунда көчүүнүн эшиги ачык. info

• فضل الصبر والتوكل على الله.
Сабырдуулуктун жана Аллахка тобокел кылуунун артыкчылыгы. info

• الإقرار بالربوبية دون الإقرار بالألوهية لا يحقق لصاحبه النجاة والإيمان.
Аллахка сыйынууну моюнга албастан, Анын жаратуучулугун гана моюнга алган адам азаптан кутулбайт жана туура ыйман келтирди деп эсептелбейт. info