ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
21 : 25

۞ وَقَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَوۡ نَرَىٰ رَبَّنَاۗ لَقَدِ ٱسۡتَكۡبَرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ وَعَتَوۡ عُتُوّٗا كَبِيرٗا

Бизге жолугууну үмүт кылбаган жана азабыбыздан коркпогон каапырлар: «Аллах бизге периштелерди түшүрүп, алар бизге Мухаммаддын чынчылдыгын айтышса же биз Раббибизди өз көзүбүз менен көрүп, Ал бизге ал тууралуу кабар берсе болбойт беле?» — деп айтышты. Алардын жан дүйнөсүндө текеберлик күч алып, ал акыры аларды ыймандан тосту жана алар бул сөздөрү менен каапырлыктын жана аша чабуучулуктун чегинен чыгып кетишти. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الكفر مانع من قبول الأعمال الصالحة.
Каапырлык – жакшылык иштердин кабыл болуусуна тоскоол болот. info

• خطر قرناء السوء.
Жаман досторду күтүүнүн коркунучу. info

• ضرر هجر القرآن.
Куранды окубай коюунун зыяны. info

• من حِكَمِ تنزيل القرآن مُفَرّقًا طمأنة النبي صلى الله عليه وسلم وتيسير فهمه وحفظه والعمل به.
Курандын бөлүк-бөлүк болуп түшүүсүнүн сырларынан – аны түшүнүүнүн, жаттоонун жана андагы келгендерди аткаруунун жеңилдиги. info