ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
17 : 22

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلصَّٰبِـِٔينَ وَٱلنَّصَٰرَىٰ وَٱلۡمَجُوسَ وَٱلَّذِينَ أَشۡرَكُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ يَفۡصِلُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ

Чындыгында бул элдерден Аллахка ыйман келтиргендер, жөөттөр, сабиилер (кээ бир пайгамбарларды ээрчиген топтор), христиандар, отко табынгандар жана айкел-буттарга сыйынгандардын ортосунда Аллах кыямат күнү өкүм кылып, ыймандууларды бейишке киргизет, калгандарын тозокко киргизет. Чындыгында Аллах пенделеринин бардык сөздөрүнө жана иштерине күбө. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес жана Ал жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الهداية بيد الله يمنحها من يشاء من عباده.
Туура жолго салуу Аллахтын колунда. Ал аны Өзү каалаган пендесине берет. info

• رقابة الله على كل شيء من أعمال عباده وأحوالهم.
Аллах пенделеринин иш-аракеттерин жана абалдарын көзөмөлдөп турат. info

• خضوع جميع المخلوقات لله قدرًا، وخضوع المؤمنين له طاعة.
Бүткүл жаратылгандар Аллахты урматтап моюн сунушат. Ал эми ыймандуулар Анын буйруктарын аткарып, баш ийип моюн сунушат. info

• العذاب نازل بأهل الكفر والعصيان، والرحمة ثابتة لأهل الإيمان والطاعة.
Азап каапырлар менен күнөөкөрлөргө түшөт. Ал эми ырайымдуулук ыймандуулар менен баш ийгендерге болот. info