ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
102 : 2

وَٱتَّبَعُواْ مَا تَتۡلُواْ ٱلشَّيَٰطِينُ عَلَىٰ مُلۡكِ سُلَيۡمَٰنَۖ وَمَا كَفَرَ سُلَيۡمَٰنُ وَلَٰكِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ كَفَرُواْ يُعَلِّمُونَ ٱلنَّاسَ ٱلسِّحۡرَ وَمَآ أُنزِلَ عَلَى ٱلۡمَلَكَيۡنِ بِبَابِلَ هَٰرُوتَ وَمَٰرُوتَۚ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنۡ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَآ إِنَّمَا نَحۡنُ فِتۡنَةٞ فَلَا تَكۡفُرۡۖ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنۡهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِۦ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَزَوۡجِهِۦۚ وَمَا هُم بِضَآرِّينَ بِهِۦ مِنۡ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡۚ وَلَقَدۡ عَلِمُواْ لَمَنِ ٱشۡتَرَىٰهُ مَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖۚ وَلَبِئۡسَ مَا شَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Алар Аллахтын динин таштап, анын ордуна шайтандардын Сулайман пайгамбардын падышалыгы тууралуу айткан жалган сөздөрүн ээрчип алышты. Анткени ал өзүнүн падышалыгын сыйкыр менен орнотту деп ойлошкон. Сулайман жөөттөр ойлогондой сыйкырлык менен алектенип каапырлык кылган эмес. Бирок шайтандар адамдарга сыйкырлыкты үйрөткөнү үчүн каапыр болушту. Алар адамдарды сыноо үчүн Ирактын Вавилон шаарындагы Харут жана Марут деген эки периштеге түшүрүлгөн сыйкырды үйрөтүштү. Бул эки периште кимге сыйкырды үйрөтпөсүн, аларды андан эскертип: «Чындыгында биз адамдар үчүн сынообуз. Андыктан сыйкырды үйрөнүү менен каапыр болуп калбагыла» – деп түшүрдүрүп айтышат эле. Алардын насыйкатын укпагандар алардан сыйкырды үйрөнүштү. Анын ичинде эркек менен аялдын ортосунда жек көрүүнү жаратып, аларды ажыраштырган түрү да бар болчу. Бирок бул сыйкырчылар Аллахтын каалоосу жана уруксаты жок эч кимге зыян келтире алышпайт. Алар өздөрүнө зыян келтирген жана пайда бербеген нерсени үйрөнүштү. Ал жөөттөр Аллахтын Китебин сыйкырга алмаштыргандар үчүн акыретте эч кандай үлүш да, насип да болбосун жакшы билишкен. Алар Аллахтын вахийин жана шариятын сыйкырлыкка алмаштыруу аркылуу өз жандарын сатып жиберген нерсеси кандай жаман! Эгер алар өздөрүнө эмне пайда берерин билишкенде, мындай шерменде ишке жана анык адашууга барышмак эмес. info
التفاسير:

external-link copy
103 : 2

وَلَوۡ أَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ وَٱتَّقَوۡاْ لَمَثُوبَةٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ خَيۡرٞۚ لَّوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Эгер жөөттөр Аллахка чындап ыйман келтиришсе жана баш ийбестигин таштап, Ага моюн сунуу менен Андан коркушса, анда алардын тутунган жолунан да Аллахтын сыйлыгы жакшыраак, эгер алар өздөрүнө пайдалуу нерсени билишкен болсо. info
التفاسير:

external-link copy
104 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقُولُواْ رَٰعِنَا وَقُولُواْ ٱنظُرۡنَا وَٱسۡمَعُواْۗ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Аллах таала ыймандууларды жакшы сөздөрдү тандоого багыттап, аларга мындай деди: «Оо, ыйман келтиргендер! «Раъина (биздин жагдайыбызга көңүл бөл)» деген сөздү айтпагыла. Анткени жөөттөр аны бурмалап, пайгамбарга кайрылганда, анын «жеңил ойлуу» деген бузуку маанисин максат кылышат. Ошондуктан Аллах бул жолду жабуу үчүн ушул сөздү айтуудан тыйып, пенделерине анын ордуна «унзурна (сөзүңдү түшүнүүбүз үчүн бизди күт)» деп айтууну буйруду. Бул кооптонууну жаратпаган маанини туюнткан сөз. Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар үчүн кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 2

مَّا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ وَلَا ٱلۡمُشۡرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيۡكُم مِّنۡ خَيۡرٖ مِّن رَّبِّكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَخۡتَصُّ بِرَحۡمَتِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ

Каапырлар китеп ээлери болобу же мушриктер болобу, алар силерге Раббиңерден азбы-көппү кандай жакшылык болсо да түшүшүн каалашпайт. Аллах пайгамбарлык, вахий жана ыйман сыяктуу нерселерди Өзү каалаган пенделерине гана берет. Аллах улуу жакшылык Ээси, пенделер ар бир жакшылыкты Андан гана алат. Пайгамбардын жиберилиши жана китептин түшүүсү – Анын жакшылыктарынан. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• سوء أدب اليهود مع أنبياء الله حيث نسبوا إلى سليمان عليه السلام تعاطي السحر، فبرّأه الله منه، وأَكْذَبَهم في زعمهم.
Жөөттөрдүн Аллахтын пайгамбарларына жасаган жаман мамилеси Сулайман пайгамбарды сыйкырчылыкка катышы деп айтуулары. Аллах анын ага катышы жок экенин айтып, алардын дооматтарын жалганга чыгарды. info

• أن السحر له حقيقة وتأثير في العقول والأبدان، والساحر كافر، وحكمه القتل.
Сыйкырчылык – бул анык нерсе жана ал акылга жана денеге таасирин тийгизет. Сыйкырчы – каапыр болуп эсептелет жана анын өкүмү – өлүм жазага тартуу. info

• لا يقع في ملك الله تعالى شيء من الخير والشر إلا بإذنه وعلمه تعالى.
Аллахтын ээлигинде кандай гана жакшылык же жамандык болбосун, ал Анын каалоосу жана илими менен гана болот. info

• سد الذرائع من مقاصد الشريعة، فكل قول أو فعل يوهم أمورًا فاسدة يجب تجنبه والبعد عنه.
Зыяндарды алдын алуу – шарияттын максаттарынан. Жаман иштерге алып бара тургандай ойлорду жараткан кандай гана сөз же аракет болбосун, алардан алыс жана сак болуу милдет. info

• أن الفضل بيد الله تعالى وهو الذي يختص به من يشاء برحمته وحكمته.
Жакшылык Аллахтын гана колунда. Ал аны Өз ырайымы жана даанышмандыгы менен Өзү каалаганга гана берет. info