ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
43 : 14

مُهۡطِعِينَ مُقۡنِعِي رُءُوسِهِمۡ لَا يَرۡتَدُّ إِلَيۡهِمۡ طَرۡفُهُمۡۖ وَأَفۡـِٔدَتُهُمۡ هَوَآءٞ

Адамдар кабырынан турган кезде аларды чакырган жакка шашып барышат. Баштарын көтөрүп корккон абалда асманды карашат. Көрүшкөн нерсесин корккондугунан көздөрүн ала алышпай катып карап калышат. Көргөн нерсесинен коркуп калышкандыктан алардын жүрөктөрүнүн акылы кетип бош болуп, түшүнүүсү да жок болуп калышат. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 14

وَأَنذِرِ ٱلنَّاسَ يَوۡمَ يَأۡتِيهِمُ ٱلۡعَذَابُ فَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ رَبَّنَآ أَخِّرۡنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖ نُّجِبۡ دَعۡوَتَكَ وَنَتَّبِعِ ٱلرُّسُلَۗ أَوَلَمۡ تَكُونُوٓاْ أَقۡسَمۡتُم مِّن قَبۡلُ مَا لَكُم مِّن زَوَالٖ

Оо, пайгамбар! Үммөтүңдү кыямат күнүндөгү Аллахтын азабы менен коркут. Мына ошол күнү өздөрүнө ширк жана каапырлык менен зулум кылгандар мындай деп айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге убакыт бер, азабыңды кечиктирип тур. Бизди бул дүйнөгө бир аз мөөнөткө кайтар, биз Сага ыйман келтирип, бизге жөнөткөн элчилериңди ээрчийбиз». Мына ошондо аларды жемелеп мындай жооп кайтарылат: «Силер бул дүйнөдө жүргөндө ушул дүйнөдөн акыретке барбайбыз деп ант ичтиңер. Ошондой эле өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү четке кактыңар эле». info
التفاسير:

external-link copy
45 : 14

وَسَكَنتُمۡ فِي مَسَٰكِنِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَتَبَيَّنَ لَكُمۡ كَيۡفَ فَعَلۡنَا بِهِمۡ وَضَرَبۡنَا لَكُمُ ٱلۡأَمۡثَالَ

Силерден мурунку жашаган коомдордун жерлерине келип жашадыңар. Алар силерге чейин Аллахка капырлык кылып, алар өздөрүнө өздөрү зулум кылышты. Алар Худ жана Салих пайгамбарлардын коому. Аларды кантип жазалаганыбыз силерге маалым. Ошондой эле силер сабак алыш үчүн ал туурасында Аллахтын китебинде көптөгөн мисалдарды келтирдик. Андан силер кандай сабак алдыңар? info
التفاسير:

external-link copy
46 : 14

وَقَدۡ مَكَرُواْ مَكۡرَهُمۡ وَعِندَ ٱللَّهِ مَكۡرُهُمۡ وَإِن كَانَ مَكۡرُهُمۡ لِتَزُولَ مِنۡهُ ٱلۡجِبَالُ

Залым коомдордун жашаган жерлерине келип отурукташкан адамдар пайгамбарды өлтүрүп, дааватын токтотууга айла-амал ойлошту. Аллах алар эмне уюштуруп жаткандарын билет жана алар кылып жаткан нерселеринин эч бири Аллахка жашыруун эмес. Алардын айла-амалы алсыз. Алардын айла-амалы алсыз болгондуктан тоону жана башка нерсени дагы жок кыла албайт. Ал эми Аллахтын айла-амалы алардыкынан күчтүү. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 14

فَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱللَّهَ مُخۡلِفَ وَعۡدِهِۦ رُسُلَهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٖ

Оо, пайгамбар! Пайгамбарларына жеңишти жана динди үстөм кылууну убада кылган Аллахтын ошол пайгамбарларына берген убадасын бузат деп ойлобо. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, аны эч ким жеңе албайт. Ошондой эле Өзүнүн сүйүктүү пенделерин урматтайт. Өзүнүн жана пайгамбарынын душмандарынан катуу өч алуучу. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 14

يَوۡمَ تُبَدَّلُ ٱلۡأَرۡضُ غَيۡرَ ٱلۡأَرۡضِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُۖ وَبَرَزُواْ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ

Ал капырлардан өч алуу кыямат күнү болот. Ал күнү бул жер башка аппак таза жерге алмашат. Ошондой эле асман дагы башка асманга алмашат. Андан кийин адамдардын баары өз денелери, иштери менен кабырларынан туруп жалгыз Аллахтын алдына сурак берүүгө турат. Аллах Өзүнүн падышачылыгында жана улуктугунда жалгыз. Ал Каардуу, баарын багынтат, бирок багынбайт. Ал баарынан үстөмүк кылат жана Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 14

وَتَرَى ٱلۡمُجۡرِمِينَ يَوۡمَئِذٖ مُّقَرَّنِينَ فِي ٱلۡأَصۡفَادِ

Оо, пайгамбар! Жер башка жерге алмашып, асмандар дагы алмашкан күнү капырлар менен мушриктерди көрөсүң. Алар бири-бирине кишенделип, ал эми алардын колдору менен буттары мойндарына бириктирилип чынжыр менен байланат. Алардын кийген кийимдери кара майдан (ал кату күйө турган суюктуктан жазалган тозок кийими). Алардын жүздөрүн алоолонгон от каптап турат. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 14

سَرَابِيلُهُم مِّن قَطِرَانٖ وَتَغۡشَىٰ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ

Оо, пайгамбар! Жер башка жерге алмашып, асмандар дагы алмашкан күнү капырлар менен мушриктерди көрөсүң. Алар бири-бирине кишенделип, ал эми алардын колдору менен буттары мойндарына бириктирилип чынжыр менен байланат. Алардын кийген кийимдери кара майдан (ал кату күйө турган суюктуктан жазалган тозок кийими). Алардын жүздөрүн алоолонгон от каптап турат. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 14

لِيَجۡزِيَ ٱللَّهُ كُلَّ نَفۡسٖ مَّا كَسَبَتۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ

Аллах ар бир адамдын кылган жакшы ишине же жаман ишине жараша сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында, Аллах иш-аракеттердин эсебин тез берүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 14

هَٰذَا بَلَٰغٞ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُواْ بِهِۦ وَلِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ وَلِيَذَّكَّرَ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ

Бул Мухаммадка түшкөн Куран Аллахтан адамзатка келген билдирүү. Андагы катуу азаптар менен коркутуулардан корккула. Жана сыйынууга татыктуу жалгыз Аллах экенин билгиле. Андыктан Агагана сыйынып жана Ага эч бир шерик кошпогула. Бул нерседен таза акыл ээлери үлгү сабактарды алышсын. Анткени ошолор үлгүлүү сабактардан пайда алышат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• تصوير مشاهد يوم القيامة وجزع الخلق وخوفهم وضعفهم ورهبتهم، وتبديل الأرض والسماوات.
Кыяматтын көрүнүштөрүн сүрөттөө жана адамдар алсыз болуп тынчсызданып коркуусу. Ошондой эле асмандар менен жердин алмашуусу. info

• وصف شدة العذاب والذل الذي يلحق بأهل المعصية والكفر يوم القيامة.
Азаптын катаалдыгын сыпаттоо жана кыямат күнү капырлар менен күнөөкөрлөрдү коштогон кордук. info

• أن العبد في سعة من أمره في حياته في الدنيا، فعليه أن يجتهد في الطاعة، فإن الله تعالى لا يتيح له فرصة أخرى إذا بعثه يوم القيامة.
Андыктан адам баласы бул убактылуу дүйнө жашоосунда Аллахка моюн сунуп көп ибадат кылууга аракет кылыш керек. Анткени Аллах аны кыямат күнү тирилте турган болсо Аллах таала ага башка мүмкүнчүлүк бербейт. info