ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
83 : 12

قَالَ بَلۡ سَوَّلَتۡ لَكُمۡ أَنفُسُكُمۡ أَمۡرٗاۖ فَصَبۡرٞ جَمِيلٌۖ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَأۡتِيَنِي بِهِمۡ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ

Аларга атасы айтты: «Аны уурдады деп айткан сөзүңөр акылга сыйбаган иш. Бирок силерге напсиңер ага айла-амал кылууңарды кооз кылып көрсөтүптүр. Буга чейин анын агасы Юсуфка да ушундай айла-амал кылгансыңар. Эми жакшы гана сабыр кылам жана Аллахтын Өзүнө гана арызданам. Балким Аллах алардын баарысын – Юсуфту, анын инисин жана алардын улуу агасын чогу кайтарар. Чындыгында Аллах менин абалымдан Кабардар жана менин ишимди жөнгө салууда Даанышман». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• لا يجوز أخذ بريء بجريرة غيره، فلا يؤخذ مكان المجرم شخص آخر.
Күнөөсүз адамды башканын күнөөсү үчүн жазалоого уруксат берилбейт. Кылмышкердин ордуна башканы алууга да болбойт. info

• الصبر الجميل هو ما كانت فيه الشكوى لله تعالى وحده.
Жакшы сабырдуулук деген – Аллах тааланын Өзүнө гана болгон арызданууну камтыган сабырдуулук. info

• على المؤمن أن يكون على تمام يقين بأن الله تعالى يفرج كربه.
Ыймандуу адам Аллах таала аны кыйынчылыктан куткарат деген терең ишенимде болууга тийиш. info