ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

Худ

គោល​បំណងនៃជំពូក:
تثبيت النبي والمؤمنين بقصص الأنبياء السابقين، وتشديد الوعيد للمكذبين.
Пайгамбарды жана ыймандуу мусулмандарды мурдагы пайгамбарлардын башынан өткөргөн окуялары аркылуу шыктандыруу жана жалганчыларга катуу азапты эскертүү. info

external-link copy
1 : 11

الٓرۚ كِتَٰبٌ أُحۡكِمَتۡ ءَايَٰتُهُۥ ثُمَّ فُصِّلَتۡ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ خَبِيرٍ

Алиф, Лаам, Ро. Бул аяттын чечмеленишине окшош сөздөр бакара сүрөөсүндө өткөн. Куран аяттары мааниси жана жазылышы жагынан бирдей болгон китеп. Андан ката жана кемчилик таппайсың. Ошондой эле адал-арамды, буйрук-тыюуну, жакшылыкты убада кылуу, жамандык менен коркутуу, окуялар жана башка нерселер Аллах тараптан баяндалып келген. Ал Өзүнүн башкаруусунда жана шариятында Даанышман. Ал пенделерине эмне пайда берерин Билүүчү Зат. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 11

أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۚ إِنَّنِي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ

Мухаммад пайгамбарга түшүрүлгөн аяттардын камтыган нерселери- пенделерди Аллах менен катар башка нерселерге ибадат кылуудан тыюу. Эй, адамдар! Эгер силер Аллахка каапырлык жана күнөө кылсаңар, анда мен силерди Аллахтын азабы менен коркутуучумун. Ал эми Ага ыйман келтирип Анын шариятына амал кылсаңар, анда мен Аллахтын сооптору менен сүйүнтүүчүмүн. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 11

وَأَنِ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِ يُمَتِّعۡكُم مَّتَٰعًا حَسَنًا إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَيُؤۡتِ كُلَّ ذِي فَضۡلٖ فَضۡلَهُۥۖ وَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ كَبِيرٍ

Эй, адамдар! Кылган күнөөңөр үчүн Раббиңерден кечирим сурагыла. Ал буйруган нерселерди кыла албай калганыңарга өкүнүп Аллахка кайткыла. Ал силерди дүйнө жашоосунда белгиленген ажал убактыңар келгиче жакшы нерселер менен ырахаттандырат. Ибадат жана амалдарын жакшы кылган адамдардын барына жакшылыктары үчүн Аллах сыйлыкты эч кемитпестен толук кылып берет. Эгер мен Раббимден алып келген ыймандан жүз бурсаңар, анда кыямат күнү силерге жете турган коркунучтуу азаптан коркомун. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 11

إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ

Эй, адамдар! Кыямат күнү Аллахтын Өзүнө гана кайтып барасыңар. Ал Аруу Зат бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтип, калыбынарга келтирип сурак кылууда Аллахты эч бир нерсе алсыз кыла албайт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 11

أَلَآ إِنَّهُمۡ يَثۡنُونَ صُدُورَهُمۡ لِيَسۡتَخۡفُواْ مِنۡهُۚ أَلَا حِينَ يَسۡتَغۡشُونَ ثِيَابَهُمۡ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Ал мушриктер жүрөктөрүн жумшак кылышып Аллахка болгон наадандыктары себептүү жүрөктөрүндөгү шекти Андан жашырышат. Алар баштарын кийимдери менен ороп алышкан учурда, Аллах алар эмне жашырып жана эмнени ачык кылгандарын билет. Чындыгында Ал жүрөктөр эмне жашырып жатканын Билүүчү Зат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إن الخير والشر والنفع والضر بيد الله دون ما سواه.
Чындыгында жакшылык менен жамандык, пайда жана зыян берүү эч бир жандын эмес бир гана Аллахтын колунда. info

• وجوب اتباع الكتاب والسُّنَّة والصبر على الأذى وانتظار الفرج من الله.
Куран жана сүннөттү ээрчүүнүн милдеттүүлүгү жана ызаа берген нерселерге сабыр кылып Аллахтан келе турган жеңилдикти күтүү. info

• آيات القرآن محكمة لا يوجد فيها خلل ولا باطل، وقد فُصِّلت الأحكام فيها تفصيلًا تامَّا.
Куран аяттары кемчиликсиз, андан жалган жана кемчиликти таппайсың. Андагы өкүмдөр толук чечмеленип берилген. info

• وجوب المسارعة إلى التوبة والندم على الذنوب لنيل المطلوب والنجاة من المرهوب.
Тообо кылганга шашылуунун милдеттүүлүгү жана кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, Аллах талап кылган нерсеге жетип, Ал коркуткан нерседен кутулуу. info