ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ

Мутаффифийн

external-link copy
1 : 83

وَيۡلٞ لِّلۡمُطَفِّفِينَ

Таразадан алдагандарга чоң азап болсун! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 83

ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ

Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы, info
التفاسير:

external-link copy
3 : 83

وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ

Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 83

أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ

Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен? info
التفاسير:

external-link copy
5 : 83

لِيَوۡمٍ عَظِيمٖ

Улуу Күн – Кыяматта! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 83

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 83

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٖ

Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 83

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سِجِّينٞ

(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1] info

[1] “Сижжин” – бул жети кабат жердин түбүндөгү өтө тар, кысылган, караңгы орун. Таразадан кымтып калган кыянатчылардын рухтары жана амал китептери ошол жерде сакталат.

التفاسير:

external-link copy
9 : 83

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ

Ал – жазылган китеп. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 83

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 83

ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Алар сурак күндү жалган дегендер. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 83

وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ

Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 83

إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ

А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 83

كَلَّاۖ بَلۡۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ

Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1] info

[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан: “Эгер пенде бир күнөө иш жасаса, жүрөгүнө чекиттей кара так орноп калат. Ошондо, эгер Аллах тааладан кечирим сурап, тообо кылса жүрөгү тазаланат. Эгерде күнөө ишин улантчу болсо, ал кара так чоңоюп-чоңоюп олтуруп, бүт жүрөгүн ороп калат”. (Куртубий)

التفاسير:

external-link copy
15 : 83

كَلَّآ إِنَّهُمۡ عَن رَّبِّهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّمَحۡجُوبُونَ

Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1] info

[1] Кыяматта үч түрлүү азап бар: биринчиси: от-тозок азабы, экинчиси: жемелеп, сөгүш берүү азабы, үчүнчүсү Аллахтын жүзүн көрүүдөн бей насип калуу азабы.

التفاسير:

external-link copy
16 : 83

ثُمَّ إِنَّهُمۡ لَصَالُواْ ٱلۡجَحِيمِ

Андан соң, алар тозокко ташталышат. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 83

ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 83

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡأَبۡرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ

Чынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда». info

[1] Амал баракчалары

التفاسير:

external-link copy
19 : 83

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ

(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1] info

[1] «Иллийюн» - бул Сижжиндин тескериси. Эгер Сижжин жети кабат жердин түбүндө болсо, Иллийюн жогорку бейиштердеги орун. Ал жерде бейиши болгон пенделердин амал китептери сакталат.

التفاسير:

external-link copy
20 : 83

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ

Ал – жазылган китеп. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 83

يَشۡهَدُهُ ٱلۡمُقَرَّبُونَ

Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 83

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٍ

Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 83

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 83

تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِهِمۡ نَضۡرَةَ ٱلنَّعِيمِ

Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 83

يُسۡقَوۡنَ مِن رَّحِيقٖ مَّخۡتُومٍ

Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 83

خِتَٰمُهُۥ مِسۡكٞۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلۡيَتَنَافَسِ ٱلۡمُتَنَٰفِسُونَ

Ал шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын! info

[1] «Миск» - бул жыпар жыты өтө күчтүү болгон нерсе. Ошол нерсени шарапка аралаштыруу менен анын жыты сакталып, мас кылуучу касиети жоготулат.

التفاسير:

external-link copy
27 : 83

وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسۡنِيمٍ

Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 83

عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا ٱلۡمُقَرَّبُونَ

(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 83

إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضۡحَكُونَ

Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 83

وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمۡ يَتَغَامَزُونَ

(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 83

وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ

Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 83

وَإِذَا رَأَوۡهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ

Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 83

وَمَآ أُرۡسِلُواْ عَلَيۡهِمۡ حَٰفِظِينَ

Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го! info
التفاسير:

external-link copy
34 : 83

فَٱلۡيَوۡمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلۡكُفَّارِ يَضۡحَكُونَ

Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 83

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 83

هَلۡ ثُوِّبَ ٱلۡكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ

Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?! info
التفاسير: