[1] Акыретте Аллах таала Өзү каалаган пенделерине шапаатчылык (күнөөлөрдү сурап алуучулук, ортомчулук) укугун берет. Мына ошол шапаатчылардын бирөө жарымы эгер тозоктогу өзүнө жакын ыймансыз кылмышкердин күнөөсүн кечирүүнү Аллахтан сурачу болсо, Аллах аны кабыл кылбайт.
[1] Каапырлар ушундай текебер болушат. Алар Курандын акыйкат экенин жокко чыгаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды жасап, ар кандай доомат сөздөрдү айтышты. Эч бир майнап чыкпаган соң, Абу Жахл баш болгон мушриктер пайгамбарыбызга келип: “Эй, Мухаммад, эгер сен чын пайгамбар болсоң, Раббиңе айткын, биздин ар бирибизге бирден китеп жиберсин жана анда “Мен чыны менен Мухаммадды силерге элчи кылып жибергенмин” деген жазуу болсун” деп талап кылышты. (Куртубий).