[1] Курандагы кээ бир аяттарды Аллах таала Өз илим, даанышмандыгы менен башка аяттарга (өкүмдөргө) алмаштырганда мушриктер ушул сөздү айтышкан. Чынында, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын милдети Жебирейил периште Раббисинен алып келген аяттарды сахабаларына окуп берүүден башка эмес болчу. Кайсы аятты өзгөртүш Аллахтын Өз иши. Пенделер ага кирише да албайт. "Эмнеге?" деп сураганга да акысы жок.