Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Таaрик

Tujuan Pokok Surah Ini:
بيان قدرة الله وإحاطته في خلق الإنسان وإعادته.
Инсанды жаратууда жана аны кайра кайтарууда Аллахтын кудуреттүүлүгү. info

external-link copy
1 : 86

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ

Аллах асман менен ант берди жана түндөсү келүүчү жылдыз менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 86

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ

Оо, пайгамбар! Сен бул улуу жылдыздын абалы тууралуу кайдан билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
3 : 86

ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ

Ал жаркыраган жарыгы менен асманды тешип өткөн жылдыз. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 86

إِن كُلُّ نَفۡسٖ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٞ

Кайсы гана жан болбосун, Аллах кыямат күнү сурак алуу үчүн анын кылган иш-аракеттерин сактоочу бир периштени анын үстүнөн жоопкер кылган. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 86

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ

Эми инсан ага Аллахтын кудуреттүүлүгү жана инсандын алсыздыгы анык болуш үчүн Аллах аны эмнеден жараткандыгы тууралуу ой жүгүртүп көрсүн. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 86

خُلِقَ مِن مَّآءٖ دَافِقٖ

Аллах аны атылып чыгып, жатынга куюлуучу суудан жараткан. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 86

يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ

Бул суу эркек кишинин омуртка сөөктөрү менен көкүрөк сөөктөрүнүн ортосунан чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 86

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٞ

Эгерде Ал аны ошол жийиркеничтүү суудан жараткан болсо, анда андан сурак алуу жана жаза же сыйлык берүү үчүн өлүмдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 86

يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ

Ал күнү катылган сырлар сыналып, жүрөктө жышырылган ниеттер, ишенимдер жана башка нерселер ачыкка чыгат жана түз жүргөн адам менен бузуку адам айырмаланып калат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 86

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٖ وَلَا نَاصِرٖ

Ал күнү инсан үчүн Аллахтын азабынан коргонгон күч-кубат да, ага жардам берген жардамчы да болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 86

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ

Аллах жамгырлуу асман менен ант берди. Анткени ал ошол тараптан кайра-кайра түшүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 86

وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ

Ошондой эле өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер жана бак-дарактар жарып чыккан Жер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 86

إِنَّهُۥ لَقَوۡلٞ فَصۡلٞ

Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран – акыйкат менен жалганды ажыратуучу сөз. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 86

وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ

Ал оюн-тамаша же жалган эмес. Ал тамашасы жок чындык. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 86

إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدٗا

Чындыгында пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандар анын дааватын токтотуу жана жокко чыгаруу максатта көптөгөн айла-амалдарды жасашат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 86

وَأَكِيدُ كَيۡدٗا

Мен дагы динди үстөм кылып, жалганды жок кылыш үчүн айла-амал кыламын. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 86

فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا

Оо, пайгамбар! Ал каапырларды күтө тур, аларга бир аз мөөнөт бер. Алардын азабын жана кыйроосун шаштырба. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• تحفظ الملائكة الإنسان وأعماله خيرها وشرها ليحاسب عليها.
Периштелер адамды жана анын жакшы жана жаман иш-аракеттерин сурак берүүсү үчүн коргошот. info

• ضعف كيد الكفار إذا قوبل بكيد الله سبحانه.
Аллахтын айла-амалынын жанында каапырлардын айла-амалынын алсыздыгы. info

• خشية الله تبعث على الاتعاظ.
Аллахтан коркуу насааттан пайда алууга түрткү берет. info