Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Жума

Tujuan Pokok Surah Ini:
الامتنان على الأمة وتفضيلها برسولها، وبيان فضل يوم الجمعة.
Бул үммөттүн элчиси себептүү пазилеттүү болуусу жана жума күндүн пазилетин баяндоо. info

external-link copy
1 : 62

يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡمَلِكِ ٱلۡقُدُّوسِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ

Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты ылайык келбеген кемчиликтүү сыпаттардан аруулашат жана Аны улукташат. Ал жалгыз Өзү бийлик жүргүзүүчү Падыша, бардык кемчиликтерден Аруу, эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 62

هُوَ ٱلَّذِي بَعَثَ فِي ٱلۡأُمِّيِّـۧنَ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُزَكِّيهِمۡ وَيُعَلِّمُهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلُ لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Ал окуй да, жаза да албаган арабдардын өзүнөн пайгамбарды жиберди. Ал өзүнө түшкөн аяттарды аларга окуп берет, аларды каапырлыктан жана жаман сыпаттардан тазалайт жана Куранды үйрөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 62

وَءَاخَرِينَ مِنۡهُمۡ لَمَّا يَلۡحَقُواْ بِهِمۡۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Ошондой эле бул пайгамбарды арабдардан башка элдерге жана келечекте келе турган башка адамдарга да жиберди. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 62

ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ

Пайгамбардын арабдарга жана башкаларга жиберилгени тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын Өзү каалагандарга берген артыкчылыгы. Аллах улуу жакшылык Ээси. Бул үммөттөн болгон пайгамбарды бүткүл адамзатка жиберүүсү – Анын улуу жакшылыктарынан. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 62

مَثَلُ ٱلَّذِينَ حُمِّلُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ ثُمَّ لَمۡ يَحۡمِلُوهَا كَمَثَلِ ٱلۡحِمَارِ يَحۡمِلُ أَسۡفَارَۢاۚ بِئۡسَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Тооратта келген нерселерди аткарууга буйрулуп, кийин ал буйрулган милдеттерди аткарбай койгон жөөттөр, көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Ал үстүнө китеппи же башка нерсеби, эмне артылганын билбейт. Аллахтын аяттарын жалган деп эсептеген адамдардын салыштыруу мисалы кандай жаман! Аллах адилетсиз коомду туура жолго салбайт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 62

قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ هَادُوٓاْ إِن زَعَمۡتُمۡ أَنَّكُمۡ أَوۡلِيَآءُ لِلَّهِ مِن دُونِ ٱلنَّاسِ فَتَمَنَّوُاْ ٱلۡمَوۡتَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, бурмалангандан кийин иудаизмде калгандар! Эгерде силер өзүңөрдү адамдардын арасынан Аллах тандап алган Анын сүйүктүүлөрүбүз деп ойлосоңор, анда силерге жеке берилген деп ойлогон кереметти эртелетиш үчүн өлүмдү тилегилечи, эгер силер адамдардын арасынан Аллахтын сүйүктүүлөрүбүз деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 62

وَلَا يَتَمَنَّوۡنَهُۥٓ أَبَدَۢا بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ

Алар эч качан өлүмдү тилешпейт. Тескерисинче, алар кылган каапырлык, күнөөлөр, зулумдук жана Тооратты өзгөртүп бурмалоо себептүү дүйнөдө түбөлүк калууну каалашат. Аллах залымдарды Билүүчү. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 62

قُلۡ إِنَّ ٱلۡمَوۡتَ ٱلَّذِي تَفِرُّونَ مِنۡهُ فَإِنَّهُۥ مُلَٰقِيكُمۡۖ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Оо, пайгамбар! Ал жөөттөргө айт: «Силер качкан өлүмгө эртеби-кечпи сөзсүз жолугасыңар. Кийин кыямат күнү ачыкты да, жашыруунду да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ошондо Ал силерге дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет жана алардын жазасын берет». info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• عظم منة النبي صلى الله عليه وسلم على البشرية عامة وعلى العرب خصوصًا، حيث كانوا في جاهلية وضياع.
Пайгамбардын жалпы адамзатка жана өзгөчө арабдарга болгон жакшылыгынын кеңдиги. Анткени алар наадандыкта жана жоготууда болушкан. info

• الهداية فضل من الله وحده، تطلب منه وتستجلب بطاعته.
Туура жолго түшүү – жалгыз Аллах тараптан болгон жакшылык. Ал Андан гана суралат жана Ага моюн сунуу менен келет. info

• تكذيب دعوى اليهود أنهم أولياء الله؛ بتحدّيهم أن يتمنوا الموت إن كانوا صادقين في دعواهم لأن الولي يشتاق لحبيبه.
Жөөттөрдүн Аллахтын сүйүктүүлөрүбүз деген сөзүн жалганга чыгаруу. Эгерде алар айткан сөзүндө чынчыл болушса, анда өлүмдү тилешсин деп чакырык ташталды. Анткени адам жакшы көргөнүнө барууну эңсейт. info