Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Nomor Halaman:close

external-link copy
31 : 35

وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ هُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِعِبَادِهِۦ لَخَبِيرُۢ بَصِيرٞ

Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган китеп эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Аллах аны мурунку китептерди тастыстап түшүргөн. Чындыгында Аллах пенделеринен Кабардар, аларды Көрүүчү. Ал бардык коомдордун пайгамбарларына өз заманына жараша зарылдуу нерселерди вахий кылып турган. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 35

ثُمَّ أَوۡرَثۡنَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلَّذِينَ ٱصۡطَفَيۡنَا مِنۡ عِبَادِنَاۖ فَمِنۡهُمۡ ظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ وَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞ وَمِنۡهُمۡ سَابِقُۢ بِٱلۡخَيۡرَٰتِ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡكَبِيرُ

Кийин Биз башка үммөттөрдөн артык кылып тандап алган Мухаммаддын үммөтүнө Куранды бердик. Алардын арасында арам иштерди кылып, парздарды таштап өзүнө зулум кылгандары бар, ошондой эле алардын арасында парздарды аткарып, арам иштерди таштоо менен бирге кээ бир мустахабдарды таштаган жана кээ бир макрухтарды кылган орточолору бар. Ошондой эле алардын арасында Аллахтын уруксаты менен жакшылыктарда жарышкандар бар. Бул нерсе парз жана мустахаб иштерди аткаруу, арам жана макрух иштерди таштоо менен болот. Бул үммөттү тандоо жана ага Куранды берүү тууралуу айтылган бул нерселер артыкчылыкта ага эч бир нерсе келбеген улуу жакшылык. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 35

جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا يُحَلَّوۡنَ فِيهَا مِنۡ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٖ وَلُؤۡلُؤٗاۖ وَلِبَاسُهُمۡ فِيهَا حَرِيرٞ

Ал тандалгандар кире турган түбөлүктүү бейиш. Алар ал жайда берметтерди, алтын билериктерди тагынып жүрүшөт жана алардын кийимдери жибектен болот. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 35

وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِيٓ أَذۡهَبَ عَنَّا ٱلۡحَزَنَۖ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٞ شَكُورٌ

Алар бейишке киргенден кийин айтышат: «Биз тозокко кирүүдөн коркконубуз себептүү бизден кайгы-капаны жок кылып койгон Аллахка мактоолор болсун! Чындыгында Раббибиз пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын моюн сунгандарына Ыраазы болуучу. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 35

ٱلَّذِيٓ أَحَلَّنَا دَارَ ٱلۡمُقَامَةِ مِن فَضۡلِهِۦ لَا يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٞ وَلَا يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٞ

Ал бизди Өз жакшылыгы менен жайгашкандан кийин көчүп кетүү болбогон түбөлүктүү бейишке киргизди. Бул биздин күч-кудуретибиз менен болгон жок. Биз бул жайда чарчоого жана кыйынчылыкка кабылбайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 35

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقۡضَىٰ عَلَيۡهِمۡ فَيَمُوتُواْ وَلَا يُخَفَّفُ عَنۡهُم مِّنۡ عَذَابِهَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي كُلَّ كَفُورٖ

Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар тозок отунда түбөлүк калышат. Алар өлүп кала турганчалык жана азаптан эс ала турганчалык өлүм менен алардын жаны кыйылбайт. Аларга эч бир тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз Раббисинин жакшылыктарын четке каккан ар бир адамды мына ушундай жаза менен жазалайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 35

وَهُمۡ يَصۡطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا نَعۡمَلۡ صَٰلِحًا غَيۡرَ ٱلَّذِي كُنَّا نَعۡمَلُۚ أَوَلَمۡ نُعَمِّرۡكُم مَّا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَن تَذَكَّرَ وَجَآءَكُمُ ٱلنَّذِيرُۖ فَذُوقُواْ فَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِن نَّصِيرٍ

Алар ал жакта болгон үндөрү менен жардам сурап кыйкырышып: «Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр, биз Сенин ыраазылыгыңды алып, азабыңдан кутулуш үчүн дүйнөдө кылган иштерибизден башкача жакшылык иштерди кылабыз» – деп айтышат. Аллах аларга жооп кылып айтат: «Биз силерди эсине келүүнү каалаган адам эсине келип, Аллахка тообо кылып жана жакшылык иштерди кылганчалык өмүр берип жашатпадыкпы?! Силерге Аллахтын азабынан эскертүүчү пайгамбар да келген! Силердин эч кандай далилиңер жок, ушунун баарынан кийин кечирим да жок. Андыктан тозоктун азабын тарткыла. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулум кылгандар үчүн аларды Аллахтын азабынан куткарган же аны алардан жеңилдеткен эч кандай жардамчы жок». info
التفاسير:

external-link copy
38 : 35

إِنَّ ٱللَّهَ عَٰلِمُ غَيۡبِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Чындыгында Аллах асмандар менен Жердеги кайыпты Билүүчү. Ал анын эч бирин өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал пенделери көкүрөктөрүндө жашырган жакшылыкты жана жамандыкты Билүүчү. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• فضل أمة محمد صلى الله عليه وسلم على سائر الأمم.
Мухаммад пайгамбардын үммөтүнүн башка бардык үммөттөрдөн артыкчылыгы. info

• تفاوت إيمان المؤمنين يعني تفاوت منزلتهم في الدنيا والآخرة.
Ыймандуулардын ыймандарындагы айырмачылык бул алардын дүйнөдөгү жана акыреттеги даражаларынын айырмачылыгын билдирет. info

• الوقت أمانة يجب حفظها، فمن ضيعها ندم حين لا ينفع الندم.
Убакыт – аны сактоо милдет болгон аманат. Ким аны пайдасыз өткөрсө, анда ал өкүнүч пайда бербеген учур келгенде өкүнөт. info

• إحاطة علم الله بكل شيء.
Аллахтын илими өзүнө бүткүл нерселерди камтыйт. info