Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Лукман

Tujuan Pokok Surah Ini:
الأمر باتباع الحكمة التي تضمّنها القرآن، والتحذير من الإعراض عنها.
Куран өз ичине алган даанышман-сырларга (ишенип) ээрчүүгө буйруп, андан баш тартуудан тыйган. info

external-link copy
1 : 31

الٓمٓ

Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 31

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ

Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул аяттар – даанышмандык менен сүйлөгөн китеп аяттары. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 31

هُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّلۡمُحۡسِنِينَ

Ал Раббисинин жана Анын пенделеринин алдындагы милдеттерди аткарып жакшы иш-аракеттерди кылгандар үчүн туура жол жана ырайым. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 31

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ

Алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет жана акыреттеги кайра тирилүү, сурак берүү, сооп же жаза алуу сыяктуу нерселерге анык ишенишет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 31

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар Раббиси тараптан болгон туура жолдо жана ошолор көздөгөндөрүнө жетип жана корккондорунан алыстап жеңишке жеткендер. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 31

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشۡتَرِي لَهۡوَ ٱلۡحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ

Адамдардын арасында Надр ибн аль-Хариске окшогондор сабатсыздыктан улам Аллахтын дининен адамдарды алаксытыш үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү тандашат жана Аллахтын аяттарын шылдыңдап күлүшөт. Мына ушул сыпаттарга ээ адамдарга акыретте кордоочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 31

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا وَلَّىٰ مُسۡتَكۡبِرٗا كَأَن لَّمۡ يَسۡمَعۡهَا كَأَنَّ فِيٓ أُذُنَيۡهِ وَقۡرٗاۖ فَبَشِّرۡهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Эгерде ага Биздин аяттарыбыз окулса, аны укпагандай, кулагында дүлөйлүгү бардай аны укпастан текеберленип бурулуп кетет. Оо, пайгамбар! Ага аны күткөн кыйноочу азаптын кабарын берип кой. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 31

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلنَّعِيمِ

Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта Аллах алар үчүн даярдап койгон жыргалчылыкта болушат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 31

خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Алар анда түбөлүк калышат. Аллах муну аларга Өзү убада кылды, мында эч кандай шек жок. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 31

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ

Аллах таала асмандарды түркүксүз көтөрүлгөн абалда жаратты жана силерди чайпалтпасын деп Жер бетине бекем тоолорду орнотту. Ошондой эле Жер жүзүнө түрдүү жан-жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан жамгыр суусун түшүрүп, Жер бетинде ар кандай түрдөгү кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Аларды адамдар жана жаныбарлар пайдаланат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 31

هَٰذَا خَلۡقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Бул айтылгандар Аллахтын жараткандары. Эй, мушриктер! Кана мага көрсөткүлөчү, силер Аллахтан башка сыйынганыңар эмнелерди жаратты?! Тескерисинче заалымдар акыйкаттан анык адашууда. Анткени алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган нерселерди Раббисине шерик кылып жатышат. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• طاعة الله تقود إلى الفلاح في الدنيا والآخرة.
Аллахка моюн сунуу бул дүйнөдө жана акыретте ийгиликке жеткирет. info

• تحريم كل ما يصد عن الصراط المستقيم من قول أو فعل.
Туура жолдон бурган бардык сөздөр жана иш-аракеттер арам болуп саналат. info

• التكبر مانع من اتباع الحق.
Текеберлик акыйкатты ээрчүүдөн тосот. info

• انفراد الله بالخلق، وتحدي الكفار أن تخلق آلهتهم شيئًا.
Жаратуу жалгыз Аллахка гана таандык жана каапырларга алардын кудайлары эмне жарата алат деп чакырык таштоо. info