Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Nomor Halaman:close

external-link copy
78 : 3

وَإِنَّ مِنۡهُمۡ لَفَرِيقٗا يَلۡوُۥنَ أَلۡسِنَتَهُم بِٱلۡكِتَٰبِ لِتَحۡسَبُوهُ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمَا هُوَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَقُولُونَ هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ وَمَا هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ وَيَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ

Жөөттөрдүн бир тобу бар, силер аларды Тоораттан окуп жатат деп ойлошуңар үчүн алар Аллахтан түшүрүлгөн Тооратта жок эле нерсени тилдери менен бурмалап айтышат, бирок ал Тоораттан эмес. Тескерисинче, бул алардын жалгандарынан жана Аллахка жапкан жалааларынан. Алар: «Биз окуп жаткан нерселер Аллахтан түшкөн» – дешет, бирок ал Аллахтан эмес. Алар Аллахка жана Анын элчилерине жалганчылык кылып жатышканын билип туруп, Аллахка каршы жалган айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 3

مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُؤۡتِيَهُ ٱللَّهُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحُكۡمَ وَٱلنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُواْ عِبَادٗا لِّي مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِن كُونُواْ رَبَّٰنِيِّـۧنَ بِمَا كُنتُمۡ تُعَلِّمُونَ ٱلۡكِتَٰبَ وَبِمَا كُنتُمۡ تَدۡرُسُونَ

Кайсы бир адамга Аллах Өзү тараптан китеп түшүрсө, ага илим жана түшүнүк берсе жана аны пайгамбар кылып тандаса, кийин ал адамдарга: «Аллахты таштап мага кулчулук кылгыла» – деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок аларга: «Силер адамдарга түшүрүлгөн китепти үйрөтүп, ошондой эле аны жаттоо жана түшүнүү менен үйрөнгөн нерсеңер аркылуу адамдарды тарбиялоочу, алардын иштерин жөнгө салуучу, иш жүзүндө аткаруучу илимдүүлөрдөн болгула» – деп айтат. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 3

وَلَا يَأۡمُرَكُمۡ أَن تَتَّخِذُواْ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ أَرۡبَابًاۚ أَيَأۡمُرُكُم بِٱلۡكُفۡرِ بَعۡدَ إِذۡ أَنتُم مُّسۡلِمُونَ

Ошондой эле ал силерге Аллахтын ордуна периштелерди жана пайгамбарларды кудай тутуп сыйынгыла деп буюрушу мүмкүн эмес. Силер Аллахка моюн сунуп, өзүңөрдү толук тапшыргандан кийин силерди Ага каапырлык кылууга буйруганы болмок беле? info
التفاسير:

external-link copy
81 : 3

وَإِذۡ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ لَمَآ ءَاتَيۡتُكُم مِّن كِتَٰبٖ وَحِكۡمَةٖ ثُمَّ جَآءَكُمۡ رَسُولٞ مُّصَدِّقٞ لِّمَا مَعَكُمۡ لَتُؤۡمِنُنَّ بِهِۦ وَلَتَنصُرُنَّهُۥۚ قَالَ ءَأَقۡرَرۡتُمۡ وَأَخَذۡتُمۡ عَلَىٰ ذَٰلِكُمۡ إِصۡرِيۖ قَالُوٓاْ أَقۡرَرۡنَاۚ قَالَ فَٱشۡهَدُواْ وَأَنَا۠ مَعَكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Аллах пайгамбарлардан бекем убада алып, аларга мындай деди: «Мен силерге түшүргөн китептен жана үйрөткөн даанышмандыктан эмнени берсем, ошондой эле араңардан кимдир бирөө артыкчылыкка жана кадыр-баркка жетсе, кийин Мен тараптан Мухаммад силерге элчи болуп келип, силердеги китепти жана даанышмандыкты тастыктаса, анда силер ал алып келген нерсеге сөзсүз ыйман келтиресиңер жана аны ээрчүү менен жардам бересиңер. Оо, пайгамбарлар! Силер ушуга макулсуңарбы, Менин бекем келишимимди кабыл алдыңарбы? – дегенде, алар: «Аны кабыл алдык» – дешти. Аллах айтты: «Өзүңөргө жана үммөттөрүңөргө күбө болгула, Мен дагы силерге жана аларга күбө болуучуларданмын». info
التفاسير:

external-link copy
82 : 3

فَمَن تَوَلَّىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ

Кимде-ким Аллахтын жана Анын элчилеринин күбөлүгү менен тастыкталган бул келишимден жүз бурса, мына ошолор Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 3

أَفَغَيۡرَ دِينِ ٱللَّهِ يَبۡغُونَ وَلَهُۥٓ أَسۡلَمَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ طَوۡعٗا وَكَرۡهٗا وَإِلَيۡهِ يُرۡجَعُونَ

Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар Аллах пенделери үчүн Өзү тандаган Ислам дининен башканы каалап жатышабы?! Асмандардагы жана жердеги макулуктардын баарысы ыймандуулардын абалы сыяктуу ыктыярдуу түрдө жана каапырлардын абалы сыяктуу мажбур түрдө Ага моюн сунуп, багынышты. Кийин кыямат күнү макулуктардын бүт баарысы сурак берүү үчүн, сыйлык жана жаза алуу үчүн Аллах таалага кайтышат. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• ضلال علماء اليهود ومكرهم في تحريفهم كلام الله، وكذبهم على الناس بنسبة تحريفهم إليه تعالى.
Жөөт аалымдарынын адашуусу, Аллахтын сөзүн бурмалоодогу айла-амалдары жана Ага карата бурмалоого байланыштуу адамдарга жалган айтуусу. info

• كل من يدعي أنه على دين نبي من أنبياء الله إذا لم يؤمن بمحمد عليه الصلاة والسلام فهو ناقض لعهده مع الله تعالى.
Аллахтын пайгамбарларынын биринин дининдемин деп айткан кайсы гана адам болбосун, эгер ал Мухаммад пайгамбарга ыйман келтирбесе, анда ал Аллах таала менен түзгөн келишимин бузган болот. info

• أعظم الناس منزلةً العلماءُ الربانيون الذين يجمعون بين العلم والعمل، ويربُّون الناس على ذلك.
Эң бийик даражадагы адамдар – алар илим менен амалды айкалыштырган жана ошого жараша адамдарды тарбиялаган кудайчыл аалымдар. info

• أعظم الضلال الإعراض عن دين الله تعالى الذي استسلم له سبحانه الخلائق كلهم بَرُّهم وفاجرهم.
Эң чоң адашуу – бүткүл макулуктардын жакшысы да, жаманы да баш ийген Аллах тааланын дининен жүз буруу. info