Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

external-link copy
88 : 20

فَأَخۡرَجَ لَهُمۡ عِجۡلٗا جَسَدٗا لَّهُۥ خُوَارٞ فَقَالُواْ هَٰذَآ إِلَٰهُكُمۡ وَإِلَٰهُ مُوسَىٰ فَنَسِيَ

Самирий ал зергер буюмдардан Исраил урпактарына жансыз музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Андан уйдун мөөрөгөнүндөй үн чыгат эле. Самирийдин кылган ишине азгырылгандар айтышты: «Мына ушул силердин жана Мусанын кудайы. Ал аны ушул жерге унутуп таштап кетиптир». info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• خداع الناس بتزوير الحقائق مسلك أهل الضلال.
Акыйкат нерселерди бурмалап адамдарды алдоо — адашкан адамдардын жолу. info

• الغضب المحمود هو الذي يكون عند انتهاكِ محارم الله.
Мактоого татыктуу ачуулануу - Аллахтын тыюусун бузгандарга болгон ачуулануу info

• في الآيات أصل في نفي أهل البدع والمعاصي وهجرانهم، وألا يُخَالَطوا.
Адамдар динге бурмалоо, бузукулуктарды киргизген жана күнөө кылгандар менен аралашпаш үчүн аларды бөлүүгө жана алар менен мамилени үзүүгө бул аяттарда негиз бар. info

• في الآيات وجوب التفكر في معرفة الله تعالى من خلال مفعولاته في الكون.
Бул ааламдагы болуп жаткан ар кандай окуя-абалдар аркылуу Аллахты таанып билүү тууралуу ой жүгүртүүнүн милдеттиги аяттарда айтылды. info