Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Аaдият

Tujuan Pokok Surah Ini:
تحذير الإنسان من الجحود والطمع بتذكيره بالآخرة.
Инсангды акыретте эстөөдө моюн толгоодон, тоң мондук кылуудан эскертип коркутуу. info

external-link copy
1 : 100

وَٱلۡعَٰدِيَٰتِ ضَبۡحٗا

Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 100

فَٱلۡمُورِيَٰتِ قَدۡحٗا

Жана туяктары ташка катуу тийгенде от чачыраган тулпарлар менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 100

فَٱلۡمُغِيرَٰتِ صُبۡحٗا

Жана таң заарда душманга чабуул койгон тулпарлар менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 100

فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعٗا

Ошондо алар жүгүрүктөрү менен чаңды сапырып жиберишти. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 100

فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا

Андан соң атчандар душмандын жоон тобун жарып киришти. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• خشية الله سبب في رضاه عن عبده.
Каапырлар – жаратылгандардын эң жаманы, ыймандуулар – алардын эң жакшысы. info

• شهادة الأرض على أعمال بني آدم.
Аллахтан коркуу – Анын пендесине ыраазы болушунун себеби. info

• الكفار شرّ الخليقة، والمؤمنون خيرها.
Адамдын урпактарына Жердин күбөгө өтүүсү. info

external-link copy
6 : 100

إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٞ

Чындыгында инсан Раббиси андан каалаган жакшылыктан баш тартуучу. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 100

وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٞ

Ал жакшылыктан баш тартканына өзү күбө. Ал ачык эле көрүнгөнү үчүн аны тана албайт. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 100

وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَيۡرِ لَشَدِيدٌ

Ал байлыкты ашыкча сүйгөнү үчүн сараңдык кылат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 100

۞ أَفَلَا يَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِي ٱلۡقُبُورِ

Бул дүйнө жашоосуна алданган адам, эгер Аллах өлүктөрдү кабырлардан тирилтип, аларды сурак, сыйлык жана жаза үчүн жерден чыгарганда абал ал ойлогондой болбосун билбейби? info
التفاسير:

external-link copy
10 : 100

وَحُصِّلَ مَا فِي ٱلصُّدُورِ

Жүрөктөрдөгү ниеттер, ишенимден жана башка нерселер ачыкка чыкканда. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 100

إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّخَبِيرُۢ

Чындыгында алардын Раббиси ал күнү алардан кабардар. Пенделеринин эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• خطر التفاخر والتباهي بالأموال والأولاد.
Байлык жана бала-чака менен мактануунун коркунучу. info

• القبر مكان زيارة سرعان ما ينتقل منه الناس إلى الدار الآخرة.
Кабыр – адамдар жакын арада акырет жайына көчүп бара турган зыярат жайы. info

• يوم القيامة يُسْأل الناس عن النعيم الذي أنعم به الله عليهم في الدنيا.
Кыямат күнү адамдар бул дүйнөдө Аллахтын аларга берген жакшылыктары жөнүндө суралат. info

• الإنسان مجبول على حب المال.
Инсан табиятынан байлыкты сүйөт. info