Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Гаaшия

external-link copy
1 : 88

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡغَٰشِيَةِ

(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?[1] info

[1] “Гаашиянын” мааниси “Ороп алуучу”. “Ороп алуучу” – бул Кыямат окуясы. Анткени, Кыямат окуясы башталганда ааламдык кыйроолор жана башка дүрбөлөңдүү алааматтар себептүү бардык жан-жаныбарларды чоң коркунуч ороп калат. Айрыкча каапырлар катуу коркушат. Себеби, алар бул күнгө ишенишпеген эле. Кийинки аяттар ошол күнкү каапырлардын абалы жөнүндө.

التفاسير:

external-link copy
2 : 88

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ

Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт). info
التفاسير:

external-link copy
3 : 88

عَامِلَةٞ نَّاصِبَةٞ

(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда... info
التفاسير:

external-link copy
4 : 88

تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةٗ

кызыган отко кирет! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 88

تُسۡقَىٰ مِنۡ عَيۡنٍ ءَانِيَةٖ

(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 88

لَّيۡسَ لَهُمۡ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٖ

Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок![1] info

[1] Бул тикен “зарийь” деп аталат.

التفاسير:

external-link copy
7 : 88

لَّا يُسۡمِنُ وَلَا يُغۡنِي مِن جُوعٖ

(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 88

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاعِمَةٞ

Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 88

لِّسَعۡيِهَا رَاضِيَةٞ

(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 88

فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ

Жогорку бейиште! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 88

لَّا تَسۡمَعُ فِيهَا لَٰغِيَةٗ

Анда маанисиз сөздөрдү укпайт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 88

فِيهَا عَيۡنٞ جَارِيَةٞ

Анда агып тураган булактар, info
التفاسير:

external-link copy
13 : 88

فِيهَا سُرُرٞ مَّرۡفُوعَةٞ

бийик сөрүлөр, info
التفاسير:

external-link copy
14 : 88

وَأَكۡوَابٞ مَّوۡضُوعَةٞ

(ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр, info
التفاسير:

external-link copy
15 : 88

وَنَمَارِقُ مَصۡفُوفَةٞ

сап-сап тизилген жаздыктар info
التفاسير:

external-link copy
16 : 88

وَزَرَابِيُّ مَبۡثُوثَةٌ

жана төшөлгөн килемдер бар! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 88

أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى ٱلۡإِبِلِ كَيۡفَ خُلِقَتۡ

Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 88

وَإِلَى ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ رُفِعَتۡ

Асмандын кандай көтөрүп коюлганына..., info
التفاسير:

external-link copy
19 : 88

وَإِلَى ٱلۡجِبَالِ كَيۡفَ نُصِبَتۡ

Тоолордун кандай сайып коюлганына...,[1] info

[1] Тоолор - жердин казыктары. Тоолордун жердин түбүнө сайылган бөлүгү жер үстү бөлүгүнөн үч-төрт эсеге узун. Алар менен бекемделгени себептүү жер аман-эсен турат.

التفاسير:

external-link copy
20 : 88

وَإِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَيۡفَ سُطِحَتۡ

Жана жердин кандай жайып коюлганына?[1] info

[1] Жетинчи кылымдын кишисине “жердин тоголоктугуна карашпайбы?” деген кайрылуу болсо алар муну түшүнмөк да эмес, ишенмек да эмес. Айрыкча ал чөл адамы болсо, андан бетер таң калмак. Андан көрө аларга жердин кандай төшөк сымал жайып, тегиз кылып коюлганы айтылса, Аллахтын кудуретине көбүрөөк ушундан далил табышы мүмкүн эле.

التفاسير:

external-link copy
21 : 88

فَذَكِّرۡ إِنَّمَآ أَنتَ مُذَكِّرٞ

(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң![1] info

[1] Демек, пайгамбарлар – эскертүүчүлөр. Алар адамдарга Аллах тааланын өкүмдөрүн жеткирип, эскертип гана коюшат. Алардын аркаларынан “жасадыбы, жасабадыбы?” деп акмалап жүрүшпөйт жана зордук-зомбулук да көргөзүшпөйт.

التفاسير:

external-link copy
22 : 88

لَّسۡتَ عَلَيۡهِم بِمُصَيۡطِرٍ

Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 88

إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ

Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо, info
التفاسير:

external-link copy
24 : 88

فَيُعَذِّبُهُ ٱللَّهُ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَكۡبَرَ

аны Аллах чоң азапка салат! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 88

إِنَّ إِلَيۡنَآ إِيَابَهُمۡ

Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 88

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا حِسَابَهُم

Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз! info
التفاسير: