[1] Жогоруда Аллах өз Даанышмандыгы менен үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, тынчтыгын кепилдей турган эреже-мыйзамдарды көргөздү. Эрди-катын аларды сактап түтүн булатса го, жакшы. Ал эми бир себеп менен ынтымак бузулуп, эки тарап элдешкис болуп калса, айласыздан ажырашууга туура келет. Ажырашуу - трагедия. Бирок, жашоо токтоп калбайт. Аллахтын ырайым-даргөйү кенен. Анысына да мунусуна да дагы бир жерден бак буюруп, беймуктаж кылып коюуу Ал үчүн оңой эле.