[1] Садий бул аяттагы «таң мезгилдерин» пенденин дубасы сөзсүз кабыл боло турган, түндүн үчтөн экиси өтүп, үчтөн бири калгандагы убакыт дейт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) көбүнчө дал ушул убакытта «тахажжуд» намазын окуп, Багымдатка чейин дуба-ибадат менен машгул болгон.
[1] Бул аятта муктаждарды тилемчилерден бөлүп көрсөтүүнүн себеби, кээ бир муктаж момун-мусулмандар жокчулуктан ар канча кыйналса да бирөөдөн бир нерсени сурагандан тартынышат, ыйбаа кылышат. Ал эми, чыныгы бейишке татыктуу байлар ошолордун муктажыдыгын суратпай эле билип, өздөрү алып барып беришет.