क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

Юсуф

external-link copy
1 : 12

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Алиф. Лам, Раа.[1] Булар айкын Китеп аяттары. info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 12

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Куранды араб тилинде түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 12

نَحۡنُ نَقُصُّ عَلَيۡكَ أَحۡسَنَ ٱلۡقَصَصِ بِمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ وَإِن كُنتَ مِن قَبۡلِهِۦ لَمِنَ ٱلۡغَٰفِلِينَ

(О, Мухаммад) Биз сага бул Куранды вахий кылуу менен икаялардын[1] эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң. info

[1] Бул икаяга көп тафсир китептеринде яхуди булактарындагы жалган окуялар кошулуп кеткен. Курани Карим түшүндүрмөсүнө яхуди булактарын негиз кылып алуу туура эмес.

التفاسير:

external-link copy
4 : 12

إِذۡ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ إِنِّي رَأَيۡتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوۡكَبٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ رَأَيۡتُهُمۡ لِي سَٰجِدِينَ

Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди.[1] info

[1] Аллах кимди улук ишке тандаса, биринчи кадамдарын таштоосуна ушул сыяктуу ишаараттарды берет. Юсуфтун бул түшүндө Аллах ага келечектеги өз башынан өтчү окуяларды билдирген. Түштөгү Күн - атасы Яькуб. Яькуб - Ибрахимдин кенже уулу Исхактын баласы. Ай апасы. Жылдыздар агалары. Алар оболу атасынын сүймөнчүгү Юсуфка ичи тардык, душмандык кылып жүрүп, акыр аягында ага моюн сунушат.

التفاسير: