કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ

Абаса

સૂરતના હેતુઓ માંથી:
تذكير الكافرين المستغنين عن ربهم ببراهين البعث.
Раббисин тоотпогон каапырларга кайра тирилүүгө далил келтирип эскертүү info

external-link copy
1 : 80

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ

Аллахтын элчиси кабагын чытып, жүзүн бурду. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 80

أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ

Абдуллах ибн Умму Мактум андан туура жол сурап келгендиги үчүн. Ал сокур эле. Ал келгенде Аллахтын элчиси мушриктердин башчылары туура жолго түшөбү деген үмүттө ошолор менен алек болчу. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 80

وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ

Оо, пайгамбар! Сен кайдан билесиң? Балким ал сокур киши күнөөлөрүнөн тазаланмак. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 80

أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ

Же болбосо сенден уккан насыйкаттардан сабак алып, ал үчүн пайдалуу болмок. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 80

أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ

Ал эми өзүндөгү мал-мүлктөн улам сен алып келген ыйманга муктаж эмесмин деген адамга info
التفاسير:

external-link copy
6 : 80

فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ

сен көңүл буруп, аны карап алдың. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 80

وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ

Эгер ал Аллахка тообо кылып күнөөлөрүнөн тазаланбаса, анда сен эмнеге жетишесиң? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 80

وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ

Ал эми жакшылык издеп сага шашылып келген адам info
التفاسير:

external-link copy
9 : 80

وَهُوَ يَخۡشَىٰ

ал Раббисинен коркот. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 80

فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ

Сен анын ордуна мушриктердин башчыларынан болгон башка бирөөгө алаксып туруп алдың. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 80

كَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٞ

Андай эмес! Чындыгында бул кабыл алгандар үчүн насыйкат жана эскертме. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 80

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ

Аллахты эскерүүнү каалаган адам Аны эскерет жана бул Курандагы нерседен сабак алат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 80

فِي صُحُفٖ مُّكَرَّمَةٖ

Бул Куран периштелердин алдындагы ардактуу баракчаларда. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 80

مَّرۡفُوعَةٖ مُّطَهَّرَةِۭ

Алар бийик орунга көтөрүлгөн жана эч кандай кир да, ыпылас да тийбегендей таза. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 80

بِأَيۡدِي سَفَرَةٖ

Алар периштелерден болгон элчилердин колунда. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 80

كِرَامِۭ بَرَرَةٖ

Алар Раббисинин алдында кадырлуу, көптөгөн жакшылыктарды жана ибадаттарды кылуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 80

قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ

Каапыр адамга каргыш болсун! Анын Аллахка болгон каапырлыгы кандай күчтүү! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 80

مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ

Ал жер бетинде текеберлик жана каапырлык кылгыдай Аллах аны эмнеден жараткан экен? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 80

مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ

Аны аз өлчөмдөгү суудан жаратып, анын жаралуусун баскыч-баскыч кылып белгилеп койду. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 80

ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ

Анан аны мына ушул баскычтардан кийин энесинин курсагынан чыгуусун жеңил кылды. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 80

ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ

Андан соң аны бул жашоодо өмүр сүрүүсүн белгилегенден кийин өлтүрдү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 80

ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ

Андан соң Өзү каалаганда аны сурак алуу жана жаза же сыйлыгын берүү үчүн кайра тирилтип алат. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 80

كَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ

Абал бул каапырдын Раббисинин алдындагы милдеттерин аткардым деп элестеткениндей эмес. Ал Аллахтын ага милдет кылган парздарын аткарган жок. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 80

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ

Аллахка каапыр болгон адам жеп жаткан тамак-ашы кайдан келгенин карабайбы? info
التفاسير:

external-link copy
25 : 80

أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبّٗا

Анын келип чыгышы асмандан нөшөрлөп жана күч менен түшкөн жамгырдан. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 80

ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقّٗا

Андан соң Биз жерди жардык, ал жарылып өсүмдүктөр чыкты. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 80

فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبّٗا

Андан соң ага буудай, жүгөрү жана башка дандарды өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 80

وَعِنَبٗا وَقَضۡبٗا

Ошондой эле ага жүзүмдөрдү жана мал-жандыктарыңарга тоюп болсун деп көк чөптөрдү өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 80

وَزَيۡتُونٗا وَنَخۡلٗا

Зайтундарды жана курмаларды өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 80

وَحَدَآئِقَ غُلۡبٗا

Көп бак-дарактуу бактарды өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 80

وَفَٰكِهَةٗ وَأَبّٗا

Мөмө-жемиштерди жана силердин мал-жандыктарыңарга жайыттарды өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 80

مَّتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ

Силер жана мал-жандыктарыңардын пайдасы үчүн деп. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 80

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ

Качан экинчи жолу керней тартылып кулактарды тундуруучу катуу кыйкырык келгенде. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 80

يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ

Ал күнү адам өз ага-инисинен качат. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 80

وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ

Апасынан жана атасынан качат. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 80

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ

Аялынан жана балдарынан качат. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 80

لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ

Ошол күндөгү катуу кыйынчылыктан улам алардын баарысы башкаларга көңүл бурбай калат. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 80

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ مُّسۡفِرَةٞ

Ал күнү бактылуулардын жүздөрү жаркырап турат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 80

ضَاحِكَةٞ مُّسۡتَبۡشِرَةٞ

Аллах аларга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселер үчүн күлүп-жайнап, кубанышып турушат. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 80

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ

Ал эми ал күнү бактысыздардын жүздөрүн чаң басып турат. info
التفاسير:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• عتاب الله نبيَّه في شأن عبد الله بن أم مكتوم دل على أن القرآن من عند الله.
Аллахтын Абдуллах ибн Умму Мактум тууралуу Өз пайгамбарын жемелеши Курандын Аллахтан экенине далил болот. info

• الاهتمام بطالب العلم والمُسْتَرْشِد.
Илим үйрөнүүчү жана багыт берүүчү адамга көңүл буруу. info

• شدة أهوال يوم القيامة حيث لا ينشغل المرء إلا بنفسه، حتى الأنبياء يقولون: نفسي نفسي.
Кыямат күндөгү коркунучтардын катаалдыгы. Анткени адам өзүн гана ойлоп калат. Жада калса пайгамбарлар да: «Жаным, жаным» – деп калышат. info

external-link copy
41 : 80

تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ

Аларды караңгылык каптайт. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 80

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ

Мына ушундай абалда болгон адамдар – алар каапырлык менен бузукулукту бирдей кылгандар. info
التفاسير:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• حَشْر المرء مع من يماثله في الخير أو الشرّ.
Адам жакшылыкта же жамандыкта өзүнө окшогондор менен бирге чогултулат. info

• إذا كانت الموءُودة تُسأل فما بالك بالوائد؟ وهذا دليل على عظم الموقف.
Эгерде тирүүлөй көмүлгөн кыз суралып жатса, анда көмгөн адам кандай абалда болот деп ойлойсуң? Бул ошол жайдын катаалдыгына далил болот. info

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет. info