કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ

Саба

સૂરતના હેતુઓ માંથી:
بيان أحوال الناس مع النعم، وسنة الله في تغييرها.
Адамдардын жакшылыктар боюнча абалын жана аны өзгөртүүдөгү Аллахтын жолун баяндоо. info

external-link copy
1 : 34

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ

Аллахка мактоолор болсун! Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда асмандардагы жана Жердеги бүткүл нерселер Ага гана таандык. Жана акыреттеги мактоолор, да Ага гана таандык. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделеринин абалдарынан Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 34

يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۚ وَهُوَ ٱلرَّحِيمُ ٱلۡغَفُورُ

Ал суу, өсүмдүктөр сыяктуу жерге кирген жана өсүмдүктөр жана башка сыяктуу жерден чыккан нерселердин баарын билет. Ошондой эле жамгыр, периштелер, ырыскы сыяктуу асмандан түшкөн жана периштелер, пенделердин иш-аракеттери, жандары сыяктуу асманга көтөрүлгөн нерселерди билет. Ал ыймандуу пенделерине Ырайымдуу, тообо кылгандарга Кечиримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 34

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَأۡتِينَا ٱلسَّاعَةُۖ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأۡتِيَنَّكُمۡ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِۖ لَا يَعۡزُبُ عَنۡهُ مِثۡقَالُ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَآ أَصۡغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرُ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ

Аллахка каапырлык кылгандар: «Бизге эч качан кыямат келбейт» – дешет. Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Жок! Аллахка ант болсун, силер жалганга чыгарган кыямат сөзсүз келет. Бирок анын убактысын Аллах гана билет. Ал кыяматты жана башка кайып нерселердин баарын билет. Асмандар менен Жердеги кумурскадан да аз салмактагы нерселер Аллахтын илиминде белгисиз калбайт. Ал айтылгандан да кичине жана андан чоң болгон нерселер да белгисиз калбайт, алардын баарысы айкын китепте жазылган. Ал сакталган Китеп (Лаухуль Махфуз), анда кыяматка чейин бүткүл боло турган нерселер жазылган. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 34

لِّيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ

Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга сыйлыгын берүү (Куранда айтылгандай эле сакталган Китепте (Лаухул Махфузда) да белгиленген). Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор үчүн Аллах алардын күнөөлөрүнө кечиримди даярдап койду, ал үчүн аларды жазалабайт. Аларга улуу ырыскы бар, ал кыямат күнүндөгү бейиш». info
التفاسير:

external-link copy
5 : 34

وَٱلَّذِينَ سَعَوۡ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٞ

Ал эми Аллах түшүргөн аяттарды жокко чыгарууга аракет кылгандар ал тууралуу «сыйкыр» деп айтышат, пайгамбарыбызды «көзү ачык, сыйкырчы жана акын» дешет. Мына ушул сыпаттардагы адамдарга кыямат күнү эң жаман жана эң катаал азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 34

وَيَرَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ هُوَ ٱلۡحَقَّ وَيَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ

Сахабалардын аалымдары жана китеп ээлеринен ыйман келтирген аалымдар Аллахтан сага түшкөн вахий эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат, ал эч ким үстөмдүк кыла албаган Кудуреттүүнүн туура жолуна багыттайт жана бул дүйнөдө мактоого татыктуу деп күбөгө өтүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 34

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هَلۡ نَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ يُنَبِّئُكُمۡ إِذَا مُزِّقۡتُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمۡ لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍ

Аллахка каапырлык кылгандар пайгамбар алып келген нерсеге таң калып жана шылдыңдап бири-бирине айтышат: «Силерге бир кишини көргөзөлүбү, ал силерге өлүп, күкүмдөй майдаланып калсаңар да өлгөнүңөрдөн кийин кайра жараласыңар деп айтат?». info
التفاسير:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• سعة علم الله سبحانه المحيط بكل شيء.
Бүткүл нерсени өзүнө камтып алган Аллахтын илиминин чексиздиги. info

• فضل أهل العلم.
Илимдүүлөрдүн артыкчылыгы. info

• إنكار المشركين لبعث الأجساد تَنَكُّر لقدرة الله الذي خلقهم.
Мушриктердин адамдардын денелери кайрадан тирилерин четке кагуусу аларды жараткан Аллахтын кудуреттүүлүгүн четке кагууга жатат. info