કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ

પેજ નંબર:close

external-link copy
35 : 16

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ لَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖ نَّحۡنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ فَهَلۡ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ

Аллах менен катар башкаларга сыйынып ширк кылгандар айтышты: «Эгерде Аллах бизди Өзүнө гана сыйынуубузду жана Ага ширк кылбашыбызды каалаганда, анда биз жана бизден мурунку ата-бабаларыбыз да Андан башка эч кимге сыйынмак эмес. Эгерде Ал биз бир нерсени арам кылышыбызды каалабаганда, анда биз аны арам кылмак эмеспиз». Мына ушундай эле жалган дооматтарды мурунку каапырлар да айтышкан. Элчилерге жеткир деп буйрулган нерселерди ачык-айкын жеткирүү милдети гана жүктөлгөн. Алар аны жеткиришти. Эми каапырлар тагдырды шылтоолоп доомат кыла алышпайт. Анткени Аллах аларга каалоо, тандоо берди жана аларга пайгамбарларды жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 16

وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنۡهُم مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَيۡهِ ٱلضَّلَٰلَةُۚ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ

Биз мурунку ар бир коомго пайгамбар жибергенбиз. Ал өз коомун жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка айкелдер менен шайтандарга сыйынууну таштоону буйруган. Алардын арасында Аллах ийгилик берип Ага ыйман келтиргендери жана пайгамбары алып келгенди ээрчигендери бар. Жана алардын арасында Аллахка каапырлык кылгандары жана пайгамбарынан баш тарткандары бар. Аллах аларга ийгилик бербеди. Андыктан аларга адашуу милдет болду. Эми жалганчылардын башына азап жана кыйроо түшкөндөн кийин алардын акыбети кандай болгонун өз көзүңөр менен көрүш үчүн жер бетин кыдыргыла! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 16

إِن تَحۡرِصۡ عَلَىٰ هُدَىٰهُمۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَن يُضِلُّۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Оо, пайгамбар! Сен аларга колундан келишинче даават кылып, алардын туура жолго келишин кааласаң да жана анын себептерин кылсаң да Аллах Өзү адаштыргандарды туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт жана аларды азаптан коргогон Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 16

وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَا يَبۡعَثُ ٱللَّهُ مَن يَمُوتُۚ بَلَىٰ وَعۡدًا عَلَيۡهِ حَقّٗا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар ага эч кандай далили жок эле аны жокко чыгарып: «Аллах өлгөндөрдү кайра тирилтпейт» – деп баса белгилеп, аша чаап касам ичишти. Жок! Аллах бардык өлгөндөрдү кайра тирилтет. Анын убадасы чындык. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах өлүктөрдү тирилтерин билишпейт. Алар кайра тирилүүнү четке кагышат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 16

لِيُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِي يَخۡتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ كَانُواْ كَٰذِبِينَ

Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана пайгамбарлык тууралуу алар талашып тартышкан нерселеринин чындыгын көргөзүш үчүн жана каапырлар Аллахтын шериктери бар деп айткан сөздөрүндө жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууда жалганчы экендиктерин билиш үчүн Аллах кыямат күнү алардын баарысын кайра тирилтет. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 16

إِنَّمَا قَوۡلُنَا لِشَيۡءٍ إِذَآ أَرَدۡنَٰهُ أَن نَّقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Эгерде биз өлүктөрдү тирилтүүнү кааласак, анда аны кылуудан Бизди эч ким токтото албайт. Эгер биз аны кааласак, анда ага «Бол!» деп гана айтабыз, ал ошол замат сөзсүз ишке ашат. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 16

وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِي ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُواْ لَنُبَوِّئَنَّهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗۖ وَلَأَجۡرُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Каапырлар кысымга алып жана азапка салгандан кийин алар Аллахтын ыраазылыгын көздөшүп өз үй-жайларын, үй-бүлөлөрүн жана мал-мүлктөрүн таштап каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө көчкөндөрдү Биз бул дүйнөдө аларды барктай турган жайга жайгаштырабыз. Албетте акырет сыйлыгы андан да чоңураак. Анткени бейиш да ошолорго кирет. Эгерде көчпөгөндөр көчкөндөрдүн сообун билишкенде, анда алар да калбай көчүшмөк. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 16

ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ

Аллах жолунда көчкөндөр – мына ошолор өз эли көрсөткөн зыяндарга жана өз үй-бүлөсүн, мекенин таштоого сабыр кылышкандар. Алар Аллахка моюн сунууга сабыр кылышкандар жана бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянгандар. Ошол себептен Аллах аларга ушундай улуу сыйлыкты берди. info
التفاسير:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• العاقل من يعتبر ويتعظ بما حل بالضالين المكذبين كيف آل أمرهم إلى الدمار والخراب والعذاب والهلاك.
Акылдуу адам адашкандардын, жалганга чыгаргандардын акыбети кандай кыйроого, азапка жана жок болууга алып келгенин көрүп сабак алат. info

• الحكمة من البعث والمعاد إظهار الله الحقَّ فيما يختلف فيه الناس من أمر البعث وكل شيء.
Кайра тирилүүнүн жана акыретке кайтуунун түпкү максаты – адамдардын кайра тирилүү жана башка нерселер тууралуу талашып тартышуусундагы акыйкатты ачыкка чыгаруу. info

• فضيلة الصّبر والتّوكل: أما الصّبر: فلما فيه من قهر النّفس، وأما التّوكل: فلأن فيه الثقة بالله تعالى والتعلق به.
Сабырдуулук жана тобокелчиликтин артыкчылыгы көп. Сабырдуулук напсини тыйдырат. Тобокелчилик Аллахка болгон ишеним жана байланышты (бекемдейт). info

• جزاء المهاجرين الذين تركوا ديارهم وأموالهم وصبروا على الأذى وتوكّلوا على ربّهم، هو الموطن الأفضل، والمنزلة الحسنة، والعيشة الرّضية، والرّزق الطّيّب الوفير، والنّصر على الأعداء، والسّيادة على البلاد والعباد.
Өз мекенин, мал-мүлкүн таштап, кыйноолорго сабыр кылып жана Раббисине тобокел кылып Аллах жолунда көчкөндөрдүн сыйлыгы – эң жакшы турак-жай, эң бийик даража, бакубат жашоо, кенен адал ырыскы, душмандарды жеңүү, өлкөлөрдү жана адамдарды башкаруу. info