કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ

Рaад

સૂરતના હેતુઓ માંથી:
الرد على منكري الوحي والنبوة ببيان مظاهر عظمة الله.
Аян-кабарды жана пайгамбарлыкты четке каккандарга, Аллахтын улуулугун ачык баяндоо аркылуу жооп берүү... info

external-link copy
1 : 13

الٓمٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِۗ وَٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ ٱلۡحَقُّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ

Алиф, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Эй, пайгамбар! Бул сүрөөдөгү ушул улуу аяттар жана Аллах сага түшүргөн Куран – эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Ал Аллахтын алдынан экендигинде шек жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү көк беттиктен жана текеберликтен ага ыйман келтиришпейт. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 13

ٱللَّهُ ٱلَّذِي رَفَعَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ يُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُم بِلِقَآءِ رَبِّكُمۡ تُوقِنُونَ

Аллах силер көрүп турган бийик асмандарды тирөөчсүз жаратты. Андан соң эч бир нерсеге окшобогон жана кандай болгондугу белгисиз абалда Өзүнө ылайык келгендей Аршка көтөрүлүп бийиктеди. Жана Күн менен Айды адамдардын пайдалары үчүн баш ийдирди. Аллахтын илиминде Күн дагы Ай дагы белгиленген мөөнөткө чейин жүрөт. Аллах асмандар менен жердеги иштерди Өзү каалагандай башкарат. Кыямат күнү Раббиңер менен жолугууга толук ишенип, ага жакшылык иштер менен даярдангыла деген үмүттө Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерди ачыктап көрсөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 13

وَهُوَ ٱلَّذِي مَدَّ ٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۡهَٰرٗاۖ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ جَعَلَ فِيهَا زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِۖ يُغۡشِي ٱلَّيۡلَ ٱلنَّهَارَۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ

Аллах Таала жерди жайык кылып, адамдарды силкип жибербөөсү үчүн анда бекем тоолорду жаратты. Адамдар, алардын малдары жана эгин-тегиндери суу ичүү үчүн дарыяларды агызды. Айбанаттарды эркек-ургаачы кылган сыяктуу мөмө-жемиштерди да баарын эки түрдүү кылды. Ал түндү күндүзгө каптатып, жарык караңгыга айланат. Чынында, бул айтылгандарда Аллах жараткан нерселер тууралуу ой жүгүртүп, пикир кылгандар үчүн аят-далилдер бар. Мына ошолор бул аят-далилдерден пайда алышат. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 13

وَفِي ٱلۡأَرۡضِ قِطَعٞ مُّتَجَٰوِرَٰتٞ وَجَنَّٰتٞ مِّنۡ أَعۡنَٰبٖ وَزَرۡعٞ وَنَخِيلٞ صِنۡوَانٞ وَغَيۡرُ صِنۡوَانٖ يُسۡقَىٰ بِمَآءٖ وَٰحِدٖ وَنُفَضِّلُ بَعۡضَهَا عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلۡأُكُلِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Жер бетинде жакын жайгашкан жер тилкелери, жүзүм бактар, эгинзарлар, бир өзөктөн чыккан курмалар жана өзөктөрү ар башка курмалар бар. Мына ошол бакчалар жана эгинзарлар бир суудан сугарылат. Алар бир жерден суу ичип, жакын жайгашканына карабастан пайдалары үчүн Биз аларды даамында жана башка нерселерде бири-биринен артык кылабыз. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Анткени мына ошолор бул нерселерден сабак алышат. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 13

۞ وَإِن تَعۡجَبۡ فَعَجَبٞ قَوۡلُهُمۡ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبًا أَءِنَّا لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡأَغۡلَٰلُ فِيٓ أَعۡنَاقِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Оо, пайгамбар! Эгерде бир нерсеге таң калчу болсоң, анда алардын кайрадан тирилүүнү жалганга чыгаргандарына жана аны жокко чыгарып “биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилмек белек?!” деп далил кылган сөздөрүнө таң калганың татыктуураак. Раббисине каапырлык кылышып, өлгөндөрдү кайра тирилтүүгө Анын кудурети жетпейт деп өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү жокко чыгаргандар – ошолор кыямат күнү моюндарына оттон болгон чынжырлар оролгондор, мына ошолор тозокко киргендер. Алар ал жайда түбөлүк калышат, алар жок да болушпайт жана алардан азап токтотулбайт. info
التفاسير:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• إثبات قدرة الله سبحانه وتعالى والتعجب من خلقه للسماوات على غير أعمدة تحملها، وهذا مع عظيم خلقتها واتساعها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана Анын асмандарды жаратуусуна болгон таң калуусун баса белгилөө. Ал асмандар эбегейсиз чоңдугуна жана кеңдигине карабастан эч кандай тирөөчтөрү жок кармалып турат. info

• إثبات قدرة الله وكمال ربوبيته ببرهان الخلق، إذ ينبت النبات الضخم، ويخرجه من البذرة الصغيرة، ثم يسقيه من ماء واحد، ومع هذا تختلف أحجام وألوان ثمراته وطعمها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана кемчиликсиз жаратуучулук сыпатын тастыктоо. Буга Анын жараткандары далил болот, мисалы чоң дарак кичинекей данектен өсүп-өнүп чыгат, кийин бир жерден сугарылат, бирок ага карабастан мөмө-жемиштеринин көлөмдөрү, түстөрү жана даамдары ар кандай болот. info

• أن إخراج الله تعالى للأشجار الضخمة من البذور الصغيرة، بعد أن كانت معدومة، فيه رد على المشركين في إنكارهم للبعث؛ فإن إعادة جمع أجزاء الرفات المتفرقة والمتحللة في الأرض، وبعثها من جديد، بعد أن كانت موجودة، هو بمنزلة أسهل من إخراج المعدوم من البذرة.
Аллах тааланын жок эле даракты кичинекей данектен чоң кылып өстүрүп чыгаруусунда кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерге каршы жооп камтылган. Чындыгында мурда бар болуп кийин жер астында чирип жок болуп кеткен дененин бөлүктөрүн кайра жыйноо жана анын мурдагыдай кылып жаңыдан кайра тирилтүү – бул мурда жок болгон даракты данектен чыгаргандан да жеңилирээк. info