કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

Кыямат

external-link copy
1 : 75

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ

Мен Кыямат күнүнө ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
2 : 75

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ

Жемелөөчү напси[1] менен ант ичип, (айтамын:) info

[1] Ар бир адамдын напсиси аны көбүнчө оңой, жыргал, бирок күнөө иштерге азгырат. Ал эми, күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгы өтүп кетээри менен, же болбосо, өлүм убактысы келгенде ар бир адамдын напсиси өзүнүн ээсин (демек өзүн) кетирген күнөөлөрү, катачылыктары үчүн жемелейт. Бул кеч болсо да, өз күнөөсүнө бушайман болгон напси. Ал эми ыйманы күчтүү момундардын напсиси, аларды күнөө ишке бара электе эле, өз ээсин «барба эле барба» деп айыптап, коргоп, насаат айтып турат.

التفاسير:

external-link copy
3 : 75

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ

“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!” info
التفاسير:

external-link copy
4 : 75

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ

Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз![1] info

[1] Эң назик деп эсептелген бармак сөөктөрүн орду-ордуна коюуга кудуреттүү болгон Аллах таала үчүн дененин башка сөөктөрүн өз ордуна чогултуу оор эмес.

التفاسير:

external-link copy
5 : 75

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ

Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр..., info
التفاسير:

external-link copy
6 : 75

يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ

(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 75

فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ

Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 75

وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ

Айдын нуру өчөт info
التفاسير:

external-link copy
9 : 75

وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ

жана Күн менен Ай бириктирилет.[1] info

[1] Ошол күн келгенге чейин «Күн Айга жете албайт жана түн күндүздөн өтүп кете албайт».(«Я-Син”-38) Ал эми, Кыяматта бул дүйнө жок болушу үчүн ааламдык кыйроолор башталат. Күндүн Ай менен кагылышып, биригип кетүүсү ошол кыйроонун бир гана окуясы.

التفاسير:

external-link copy
10 : 75

يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ

Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 75

كَلَّا لَا وَزَرَ

Жок! Качып бара турган орун жок! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 75

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ

Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 75

يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ

Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 75

بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ

Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.[1] info

[1] (Куртубий)

التفاسير:

external-link copy
15 : 75

وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ

Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).[1] info

[1] Кээ бирөөлөр өзүнүн дене мүчөлөрү жасаган күнөөлөрүнө күбөлүк берип турса да кууланып, түрлөнүп, ар кандай шылтоолорду айтып, өзүн актаганга жан талашат. Бирок, анын шылтоолору шоона эшпейт.

التفاسير:

external-link copy
16 : 75

لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ

(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе![1] info

[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтан вахий (аяттар) келишин ушунчалык куса болуп күтөт болчу. Анан, Жебирейил периште келип, сагынткан аяттарды үйрөтө баштаганда, аяттар аягына чыккыча болбой, Жебирейилди ээрчип окуй берчу. «Эсимен чыгып калбаса экен» деп кооптонуусу да мунусуна шыкак болгон. Бирок, Аллах таала Курани Карим аяттарын Өз пайгамбарынын жүрөгүнө орноштуруу милдетин Өзүнө алган эле.

التفاسير:

external-link copy
17 : 75

إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ

Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 75

فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ

Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 75

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ

Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 75

كَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ

Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 75

وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ

жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.[1] info

[1] Дин ишине тоскоол болбогон жана адамды азгырбаган шартта дүйнөнү сүйүү күнөө эмес. Күнөө – бул дүйнөнү акыреттен көбүрөөк сүйүү жана дүйнөгө азгырылып, акыретти унутуп коюу. Каапырлардын дүйнөнү сүйүүсү ушундай.

التفاسير:

external-link copy
22 : 75

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاضِرَةٌ

Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып, info
التفاسير:

external-link copy
23 : 75

إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٞ

Раббисине (үмүт менен) карап турат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 75

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٞ

Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып, info
التفاسير:

external-link copy
25 : 75

تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٞ

өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 75

كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ

Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда..., info
التفاسير:

external-link copy
27 : 75

وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٖ

«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда..., info
التفاسير:

external-link copy
28 : 75

وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ

(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда..., info
التفاسير:

external-link copy
29 : 75

وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ

Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда..., info
التفاسير:

external-link copy
30 : 75

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ

Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор![1] info

[1] Ооба. Жан алкымга тыгылып, балтырлар тыбырап калганда эң ашынган каапырлар дагы дем салуучуну издеп калышат. Бирок, эми кеч болгон! Жан оорубаган, күч-кубаттан тайбаган мезгилдерде “Кудай” деш керек эле. Алар өлүм алдында дем салуучу издегени менен, сак-саламат мезгилде “Напсиңе азгырылба, пайгамбар алып келген жолго жүр, намаз оку” десең, моюн сунбай, каапырчылыкты тандашкан.

التفاسير:

external-link copy
31 : 75

فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ

Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 75

وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Бирок, «жалган» деп далысын салып койду. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 75

ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ

Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 75

أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ

Өлүм болсун сага өлүм! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 75

ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ

Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм! info
التفاسير:

external-link copy
36 : 75

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى

(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?![1] info

[1] Инсаниятты жаратуудан Аллах тааланын максаты эмне эле? Бул суроого Аллах таала: “Мен (бардык) жин(дер) жана инсан(дар)ды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым” - деп жооп берет. (“Заарият”-56)

التفاسير:

external-link copy
37 : 75

أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةٗ مِّن مَّنِيّٖ يُمۡنَىٰ

Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 75

ثُمَّ كَانَ عَلَقَةٗ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ

Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди) info
التفاسير:

external-link copy
39 : 75

فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ

Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 75

أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ

Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?! info
التفاسير: