[1] Кыямат кайым башталганынын бир белгиси Исрафил периштенин “Сур” деген кернейди тартуусу. Ошол замат топуракта чирип жаткан денелер жамгырдан кийин жайнап чыккан өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыга баштайт. Кийин аларга рухтары учуп келип, биригет.
[1] Аллах тааланын “Арш” деп аталган Улук Тактысын көтөрүү вазыйпасы жүктөлгөн периштелердин күчү жана келбет-көлөмү жөнүндө Абу Дауддун “Сунан” китебинде келген бир хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай дегени баяндалат: “... Аршты көтөргөн периштелерден биринин кулагынын жумшагынан желкесине чейин жети жүз жылдык жол” (Ибн Касир).
[1] Анан Аллах таала жеке Өзү сот-сурагын жүргүзө баштайт. Элдерге бул дүйнөдөгү жасаган иштеринин тизмеси – амал баракчалары (китептери) таратылат. Ал китептерди ар бир адам баласынын эки желкесинде олтурган эки периште бардык жашыруун иштерине чейин жазып алышкан болчу. Ошондо жакшылардын китептери оң тарабынан, жамандардын китеби сол тарабынан берилет.
[1] Аяттын арабча текстинде «услукууху» деп келген сөздү кээ бир котормочулар «байлагыла», «таңгыла» деп которушат. Бирок, мунун сөздүктөгү мааниси «жүргүзүү», «өткөрүү». Демек, күнөөкөр, тозоку пенде узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга, шыкка өткөрүлгөн шишкебек сыяктуу өткөрүлөт. Узун чынжыр кылмышкердин арка жагынан киргизилип, оозунан чыгарылат. Мындай азаптан Аллахтын Өзү сактасын! (Садий).