કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

પેજ નંબર:close

external-link copy
74 : 6

۞ وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ ءَازَرَ أَتَتَّخِذُ أَصۡنَامًا ءَالِهَةً إِنِّيٓ أَرَىٰكَ وَقَوۡمَكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайдасы да, зыяны да жок) таштарды ибадат кылууга татыктуу кудайлар деп эсептейсизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” - деди. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 6

وَكَذَٰلِكَ نُرِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ مَلَكُوتَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلِيَكُونَ مِنَ ٱلۡمُوقِنِينَ

Ошондой эле, Биз Ибрахим анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көрсөттүк. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 6

فَلَمَّا جَنَّ عَلَيۡهِ ٱلَّيۡلُ رَءَا كَوۡكَبٗاۖ قَالَ هَٰذَا رَبِّيۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَآ أُحِبُّ ٱلۡأٓفِلِينَ

Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз көрүнбөй калганда “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 6

فَلَمَّا رَءَا ٱلۡقَمَرَ بَازِغٗا قَالَ هَٰذَا رَبِّيۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَئِن لَّمۡ يَهۡدِنِي رَبِّي لَأَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلضَّآلِّينَ

Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени туура жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 6

فَلَمَّا رَءَا ٱلشَّمۡسَ بَازِغَةٗ قَالَ هَٰذَا رَبِّي هَٰذَآ أَكۡبَرُۖ فَلَمَّآ أَفَلَتۡ قَالَ يَٰقَوۡمِ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ

Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим – ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби - Аллах экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын! - деди. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 6

إِنِّي وَجَّهۡتُ وَجۡهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ حَنِيفٗاۖ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Мен адашуудан акыйкатка кайтып, асмандарды жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллахка) жүзүмдү бурдум жана (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 6

وَحَآجَّهُۥ قَوۡمُهُۥۚ قَالَ أَتُحَٰٓجُّوٓنِّي فِي ٱللَّهِ وَقَدۡ هَدَىٰنِۚ وَلَآ أَخَافُ مَا تُشۡرِكُونَ بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَشَآءَ رَبِّي شَيۡـٔٗاۚ وَسِعَ رَبِّي كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ

Ага (каршы) эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллах тууралуу тартышып жатасыңарбы?! Ал мени туура жолго баштады! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян тийгизе албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 6

وَكَيۡفَ أَخَافُ مَآ أَشۡرَكۡتُمۡ وَلَا تَخَافُونَ أَنَّكُمۡ أَشۡرَكۡتُم بِٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ عَلَيۡكُمۡ سُلۡطَٰنٗاۚ فَأَيُّ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ أَحَقُّ بِٱلۡأَمۡنِۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Силер (анын кудай экенине Аллах) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер (Аллахка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калмак белем?! Эгер билсеңер, айткылачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)? info
التفاسير: